Казакстандын жаңы президенти Токаевдин атасы Фрунзеде чоңойгон

22 марта 2019 Казакстандын жаңы президенти Токаевдин атасы Фрунзеде чоңойгон

 

 Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы, белгилүү жазуучу, журналист жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кемел Токаев Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында чоңойгон. Бул тууралуу президенттин 2005-жылы жарык көргөн "Слово об отце" китебинде ("Ата тууралуу толгонуу") жазылган.

Маалыматка ылайык, Кемел Токаев 1923-жылы Алматы облусунда туулуп, 1930-жылдары күч алган коллективдештирүү учурундагы ачарчылыктын айынан ата-энеси менен Фрунзеге көчүп келишкен.

Согуштан кийин ал мекенине кайтып барып, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин колунан калем түшүрбөй, журналистика, жазуучулук менен алектенген. Анын "Келечек тууралуу ой", "Учкун", "Табышмактуу из", "Акыркы сокку", "Жоокер согушка кетти" аттуу чыгармалары эл оозуна алынган.

Ардагер 1986-жылы 63 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Белгилей кетсек, кечээ, 19-мартта, Казакстанды 30 жылга чукул башкарган президент Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.