Жакынкы Чыгыш эки ажырым жолдун алдында турат: сирия каатчылыгы, коопсуздук коркунучу, ОПЕК тагдыры

20 марта 2019 Жакынкы Чыгыш эки ажырым жолдун алдында турат: сирия каатчылыгы, коопсуздук коркунучу, ОПЕК тагдыры

Февралдын экинчи жарымында Москвада “Валдай” эл аралык талкуу клубунун Жакынкы Чыгыш конференциясы болуп өттү, ал аталган көйгөй боюнча өткөрүлгөн сегизинчи иш-чара болуп калды. Пленардык сессияга Орусиядан жана региондун өлкөлөрүнөн жогорку кызматтардагы дипломаттар катышты, алар Жакынкы Чыгышта жана анын айланасында болуп жаткан процесстерди кандай көрөрүн айтып беришти. Баары болуп конференцияга Орусияны кошкондо 16 өлкөдөн 68 серепчи катышты. Региондун алдында кандай чакырыктар тургандыгы, проблемаларды чечүү жолдору жана евразия интеграциясына карата Жакынкы Чыгыштын көз карашы жөнүндө “Евразия.Эксперт” аналитикалык сайтынын материалдында берилген.

Бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгыш чынында эле дүйнөлүк саясаттын борборунда болуп келет. Региондо болуп жаткан окуялар жалпысынын дүкнөлүк процесстердин динамикасынын маркери болушу мүмкүн. Атаандаштык кызматташтык менен бирге аракеттешип келген, ал эми регионалдык жана глобулдык оюнчулар бири биринин кызыкчылыктарын эсепке алууга аргасыз болгон регион бүгүнкү күндө жыңы көп полярдык дүйнөнү түзүү борбору болуп чыгууда.

Биринчи күн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавродун “Валдай” эл аралык талкуу клубунун катышуучуларына багытталган саламдашуу сөзү менен башталды. Анда ал оор сыноолор мезгилине карабай, Жакынкы Чыгыш мурункудай эле глобулдуу күн тартибинде борбордук орундарадын биринде экенин белгиледи. Региондо кырдаал кандай өнүгөрүнө жараша анын мамлекеттеринин келечеги эле эмес, эл аралык коопсуздук жана туруктуулук көз каранды болот.

“Мындан кийин дагы Сочидеги Сириялык улуттук конгресстин диалогунун жыйынтыгына таянуу менен Сирия араб республикасында туруктуу жөнгө салууга жетишүүгө көмөк көрсөтөбүз. Албетте, башка жаүжалдарды дагы басып өтүүгө жардам берүүнү улантабыз. Анын ичинде БУУнун белгилүү резоляциясынын жана Араб тынчтык демилгесинин негизинде эскирген палестина проблемаларын чечебиз. Жыйынкы Чыгышта болуп жаткан татаал процесстер терең, ар тараптуу, профессионалдык талдоону талап кылат”, - деп белгиледи Лавров.

Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча Москванын расмий позициясын билдирүү менен региондун бардык өлкөлөрү менен, ошондой эле азырынча сакталып турган террористтик коркунучту толук жок кылуу үчүн Кошмо Штаттар менен мындан ары өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин белигледи. Ирактагы кырдаалды туруксуздаштыруу мүмкүндүгү бар, анда негизиг экстремисттик күчтөр суннит-шейит жаңжалын козгоонун үстүнөн иштеп жатышат, ошондой эле жыйыкны чыгыштан ООганстанга терроризмдин жарым-жартылай жылып жатат.

“Бул коркунучка биргелешкен аракеттер менен каршы туруу керек, бирок ийликке жетүү үчүн Батыш өзүнүн тактикалык кызыкчылыктарында террористтик топторду колдонуудан баш тарташы керек болот”, - деп түшүндүрдү Богданов.

Михаил Богданов

“Жакынкы Чыгыштагы Орусиянын кызыкчылыктары жана жаңы баскычта радикализм менен күрөшүү” пленардык сеесиясынын катышуучулары Орусиянын регионго кайтып келүүсү, өзгөчө Сириядагы террористтик очокторду жок кылуудагы жетишкен ийгиликтерин эске алуу менен кырдаалдын өнүгүшүндөгү маанилүү фактордун бири болуп саналат деген жыйынтыкка келишти.

Сириянын президентинин администрациясынын саясий жана медиялык маселелр боюнча кеңешчиси Бусейна Шаабан терроризм менен өлкөдө жүргүзүлүп жаткан күрөш табият кырсыгы эмес, пландаштырылган аракеттердин жыйынтыг болуп саналат деген тезисин айтты.

“Кошмо Шттар биздин өлкөдө бүлүндүрүүчү саясатты жүргүзүп жатат. Америкалыктар болгон күчү менен биздин өлкөнү бузууга, анын инфра түзүмүн жок кылууга аракет кылып жатат, - деп билдирди Шаабан. – Биздин үүмт терроризмге каршы чыныгы күрөш менен байланышкан, аны андын жапа чеккен достош өлкөлөр жүргүзүп жатат. Орусия сирия элин колдойт, сирия армиясына жардам берип келет. Мына ушул себептен Ситрияда Ливия менен Ооганстанда болгон нерселер болбойт”.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары жана Саясий жана эл аралык илилдөөлөр институтунун президенти Сайед Казем Саджадпур региондогу кырдаалды Кошмо Штаттар тарабынан болгон жеңилдетүүгө басым жасады. “Трамп үчүн Тегеран Жакынкы чыгыштагы бардык көйгөйлөрдүн булагы болуп саналат. Бул позиция Ирандын Израиль, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу оппоненттерине өтө эле жагат. Бирок, чындык андан да татаал. Иран проблеманын өзү эмес, региондогу бардык проблемаларды чечүүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Иран – болгону оюнчу, ал дагы башкалар сыяктуу эле өзүнүн коопсуздугу жөнүндө тынчсызданат. Жакынкы Чыгышта айрым өлкөлөрдүн деңгээлинде, ошондой эле регионалдык деңгээлде – социалдык, экономикалык жана саясий чөйрөдө трансформацияя процесстери жүрүп жатат. Өзүнүн улуттук жана глобалдык кызыкчылыктарын коргоого даяр регионалдык оюнчулардын ролу алмашып жатат, алардын катарына Орусия дагы кирет”, * деп белгиледи дипломат.

Сайед Казем Саджадпур

Суверениттетин жана улуттук кызыкчылыктардын маанилүүлүгү жөнүндө Ирактын премьер-министринин кеңешчиси жана премьер-министрдин администрациясынын башчысы Абдулкарим Хашим Мостафа айтты. Анын сөзү боюнча, Ирактын эли Батыштын өлкөлөрүнө Саддам Хусейндин режимин кулатууга жардам бергени үчүн ыраазы, бирок оккупацияга каршы чыккан, анын жыйынтыгы терроризмдин күч алуусу болуп калды. “Ирак АКШнын саясий кемесинин артынан бараткан жок жана америкалык союздаштары менен, Вашингтондун санкциясы алдында калган Иран же Сирия сыяктуу өлкөлөр менен жакшы мамиле түзүп келет”,  - деп белгиледи Мостафа.

Төрт сессиянын алкагында сесрепчилерге Жакынкы Чыгыштагы согуш жана дипломатия, Сирияны калыбына келтирүү, жамааттык коопсуздук маселелери, ошондой эле ОПЕктин келечеги жана дүйнөлүк көмүр суутектүү рыноктордун келечеги темасын талкуулоо сунушталды.

Талкуунун катышуучуларынын пикири боюнча, Жакынкы Чыгыштагы “ысык” жаңжалдар – региондун жалгыз проблемасы эмес, согуш маселелерине исламдын түрдүү бутактарынын ортосундагы жаңжалдар, демократиянын жоктугу, суверениттетин ичтен жана бир катар өлкөлөр тарабынан сырттан бузулушу, демографиянын жана экономиканын проблемалары, элитага ишенимдин жоктугу, саясаттын согуш тартибине багынуусу, билим берүү чөйрөсүндөгү байланыштардын жетишсиздиги кирет.

Серепчилердин бири белгилегендей, согуш себепке эмес, тергөөгө айланганда бардык жаңжалдашкан күчтөрдүн жалгыз гана аракети менен жетишилген “кадимки” тынчтык келишими мүмкүн болбой калат, ошондуктан Жакынкы Чыгыштын учурунда буга ишенүү ашынган оптимизм болуп калат.

Кризистен чыгуунун бир нече жолу сунушталды – коопсуздуктун регионалдык жана субрегионалдык тутумдарын бекемдөө, Израиль менен Палестинанын же Сириянын, Ливандын жана Иорданиянын мисалы боюнча көп тараптуу форумдарды түзүү. Серепчилердин пикири боюнча, мындай уюмдарды иштөөсүнүн негизги принциби инклюзивдүүлүк болушу мүмкүн, ал проблемалардын жалпы деңгээлде чечүүгө мүмкүндүк бермек, тынчтыкты орнотуучу иштердин механизмин ойлоп табуудан баштап, андан кийин түз эле аны аткарууга өтүү керек.  

Сирияны калабына келтирүүгө арналган талкууда серепчилер аталган кырдаалды башка жыйынкы чыгыштын мамлекеттеринин учурундагыга караганда көйгөйлөр, жарандык согуштан жана чет элдик аскердик кийлигишүүдөн жапа чеккендер көп экенин белгилешти. Сессиянын катышуучулары согуштан кийинки кабылына келтирүү программаларынын мүмкүн болгон натыйжалуулугун баалоодо өтө кылдат болушту жана аларды ишке ашырууда көптөгөн кыйынчылыктар болрун көрсөтүштү. Алардын пикиринде, өлкөнүн мындан аркы тагдыры жаңжалга тартылган бардык сырткы күчтөр жалпы тил таба алышабы, мына ошондон көз каранды.

Эгер кечиктирбей өлкөнүн гуманитардык көйгөйлөрүн тез арада чечүү үчүн калыбына келтирүүгө жана качкындарды кайтаруу үчүн шарттарды түзүүгө Орусия кечиктирбей киришүүгө чакырып жатса, ошол эле учурда Батыштын өлкөлөрү саясий макулдашууга жана режимдин иш жүзүндө алмашуусуна жетүү зарылдыгын айтышууда.

Бул АКШнын сирияны өкмөтүнө союздаш Орусия менен Иранга региондогу өзүнүн позициясын бекемдөөгү мүмкүнчүлүк берүүнү каалабагандыгы менен байланыштуу экендиги анык.

Ошондой эле, секцияда Сириядагы БУУнун Генералдык катчысынын атайын өкүлүнүн аппаратынын дарегине сында да айтылды. Серепчилердин биринин пикири боюнча, алар иштеп чыгып жаткан сунуштар батышка борборлоштурулган болуп саналат жана жергиликтүү реалийлерди эске албайт.

Жакынык Чыгышта жамааттык коопсуздук тутумун түзүү маселеси боюнча өткөн үчүнкү сессияда серепчилердин пикири радикалдуу болду. Биринчи сөз алып сүйлөгөн сесрепчи “жок” деп жооп берди. “Коопсуздук ар бир тутуму, - деп билдирди ал, - тигил же бул кризис менен өз алдынча жалгыздап эмес, ар бир кризис менен күрөшө ала турган туруктуу жана бекем болушу керек”. Региондо мындай тутумду куруу аракети буга чейин болгон, бирок баары үстүртөн эле болгон, анткени алардын баары региондун спецификасын жана топтолуп калган проблемалардын санын эске алган эмес. Экинчи сөз алып чыгып сүйлөгөн анчалык пессимисттик маанайда эмес эле жана жамаатык коопсуздукту куруу процесси инклюзивдик болушу керектигин белигледи, анткени эгер коммуникация бир гана бир ойдогуларды байланыштырса, бул эч нерсе бербейт. Үчүнчү серепчи жамааттык коопсуздук тутумун түзүү мүмкүн эмес эмес, зарылдыгын белгиледи, анткени табигый саясий процесстин таасири пайда болот. Бардык өлкөлөрдүн көйгөйүн бир жолу чечүүнүн жана каршы пикирлерди териштирүүнүн ордуна, ал алгач  улуттук коопсуздук түзүүнү, аны менен ар бир өлкөгө өзгөчө жол менен кетүүгө мүмкүндүк берди – мына ушундан кийин гана жалпы макулдашууга жана консеска жетүүнү сунуштады. Көз караштардын көптүгүнө крабай, серепчилер региондун өлкөлрү ортосундагы өз ара аракеттенүү учурлары буга чейин болгонуна жана алар мындан кийинки аракеттердин негизи катары колдонулушу мүмкүндүгүнө макул болушту.

Акыркы талкуу көмүр суутектин дүйнөлүк рынокторунун келечегине, ошондой эле ОПЕК мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө талкууга арналды. Серепчилердин пкиринде, уюм жылуулук алып жүрүүчүлрө рыногунда башкаруучулук рол ойной албай калгандыгы анык болду.

Азыркы учурда дүйнөлүк өндүрүүдө ОПЕК өлкөлөрүнүн үлүшү 41%ды түзөт жана спикерлердин биринин берген маалыматы боюнча, 2040-жылга карана ал 46%га өсүшү мүмкүн. Бирок, бул ОПЕК өлкөлөрү энергетикалык рыноктун туруктуулугун өз алдынча кепилдөө үчүн жетишсиз болот. Бул өзүнө негизги оюнчуларды, баарынан мурун АКШ менен Орусияны кошкон жаңы эл аралык институтту түзүү оюна ылп келди.

Сессияны катышуучулар нефти рыногунда баанын көтөрүлүүсүнөн качууга мүмкүндүк берген көп тараптуу механизмдерди түзүү керектиги менен макул болушту. Нефтиге болгон баа адилеттүү болушу керек, ал эми дүйнөлүк рынокто жулуулук алып жүрүүчүлөрдү сатуудан түшкөн пайда өндүрүүчү өлкөлөрдө өнүгүүнү гана эмес, энергияны өндүрүүнү жана кайра өндүрүүнү каржылоо каржылоо болушу керек. Анткени, бул дүйнөлүк ИДӨнүн өсүүсүнө түрткү берет.

Леонид Григорьев

Евразиялык интеграция маселелери конференциянын расмий күн тартибинде каралган эмес эле, бирок пресса менен пикир алышуу процессинин жүрүшүндө бир катар орусиялык серепчилер Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн серепчилери евразия интеграциясына жана ЕАЭБге карата ойлору менен бөлүшүштү.

 “Серепчилер кызыгуу жана ынтызарлык менен көңүл бурушууда. Азыр дүйнө өнүгүүнүн жаңы баскычы менен бараткан учурда Жакынкы Чыгыш жана евразия сыяктуу региондор анда маанилүү ролду ойношот. Дүйнөлүк картина кандай болот деген талкуу процесси жүрүүдө, ушуга байланыштуу Жакынкы Чыгыштын серепчилери үчүн дүйнөлүк жана евразиялык контексттеги темалар абдан көрүнүктүү. Анткени, жаңы дүйнө дүйнөлүк державалардан эмес, жалпы контексттерден жана тренддерден көз каранды”, - деп белгиледи спикерлердин бири. Ошондой эле, ЕАЭБге негизги кызыкчылыкты географиялык жайгашуусу боюнча жакын турган – Иран, Түркия, Египет сыяктуу өлкөлөр пайда кылууда.

“Валдай” клубунун илимий иштер боюнча директору Федор Лукьянов өзүнүн жыйынтыктоочу сөзүндө Клубдун иштеп жатканына он беш жыл булду, ушул жылдар аралыгында дискурстун олуттуу трансфорамциясын байкоого болот: эгер нөлүнчү жылдардын ортосунда мамлекеттин ролунун төмөндөө же анын мүмкүн болгон жоюлуу темасы көтөрүлсө, бүгүнкү күндө күчтүү мамлекет, өзгөчө “араб жазы” башаламандыгынан кийин суроо-талапка ээ. Бул көпчүлүк өлкөлөргө тиешелүү жана бүткүл дүйнө боюнча ишке ашырылып жаткан процесстердин модели катары Жакынкы Чыгыш мисал болору жөнүндөгү тезистин далилдеп турат. Мына ошон үчүн жакынкы чыгыш темасы өзүнүн актуалдуулугун жоготпойт, ал эми регион азыркы учурда көпчүлүк аспектилерде дүйнөлүк күн тартибин түзүп жатат, бул ага болгон кылдат кызыгууну шарттайт деп белгиледи.