Кыргызстан Владимир Путинди күтүп жатат, анын мамлекеттик иш сапары ушул жылдын 28-мартка дайындалган. Бишкек бул сапарга кандай даярданып жатат? Бишкек менен Москванын мындан аркы жакындашуусуна каршы чыккан өлкөдө күчтөр барбы? Ички саясий күрөш Орусия менен болгон мамилеге кандай таасирин тийгизет? Ушул маселелер боюнча өз пикирин кыргызстандык саясат таануучу Марс Сариев айтып берди.
– Башкаруудагы Кыргызстандык социал-демоктраттарынын партиясында ырк кетип, бошоп бараткандай көрүнөт. Бир тобу съездди 6-апрелге белгилесе, экинчи тобу башка күндү – 6-апрелди белгилеп жүрөт. Өлкөнүн эки президенти – мурунку жана азыркысы – ушул партиядан чыкканын эске алганда, экөө тең өздөрүнүн басымын сактап калууга аракет кылып келет. Ошол эле учурда алар саясай каршылыштар болуп саналат. Съезд ушул партия ичиндеги күрөшкө чекит коё алат жана анын ордуна акыры иш башталат деп болжолдоого болобу?
– Азыркы бийлик партиянын мурунку мүчөсү Сагынбек Абрахмановдун (“Атамбаевсиз КСДП” кыймылын негиздөөчү) жардамы менен мурунку президент партиянын төрагасы болуп саналган Алмазбек Атамбаевди КСДПдан чыгарып салууну каалаган. Бул партия үчүн 2020-жылы боло турган шайлоону эске алганда өтө маанилүү. Бирок, жаңы кыймылдын лидери күткөн нерселерди актаган жок. Эми болсо Иса Өмүркулов (КСДПнын парламенттик лидери) баштаган оор артиллерия кошулду, ал акыркы учурда нейтралдуу позицияны карманып келген, анткен менен Атамбаевдин кишиси катары эсептелчү, бирок азыр бийлик тарапка өтүүгө аргасыз болуп жатат.
И.Өмүркулов А.Атамбаевге каршы сөз сүйлөдү. Мурунку президентке тиешелүү “Апрель” телеканалы эми ал жөнүндө саткын деп айтып жатат. Аны саткын деп Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова сыяктуу КСДПнын бир нече депутаты дагы айтып чыгышты. Бийлик партиянын анын төрагасы мурунку президент Атамбаевди сүрүп чыгара албай жатышат, колдон келбей жатат. Ага ылайык, эми партияны карама-каршы турган топтордун бир нече бөлүккө бөлүү маселеси пайда болду, ошондой партиянын мүчөлөрүнө төраганын таасир этүүсү азаят, анын тарапташтары азаят. Дагы бир нерсе. Жөнөкөй адамдар үчүн партия ичинде ким ким менен жана эмне үчүн экендигин аңдап билүүсү кыйынга турат.
Бийлик кызматташууга куугунтукталган саясатчыларды жана чиновниктерди тарта баштаганын белгилей кетүү керек. Мисалы, түштүктөгү борбордун мурунку мэри, “Улуттар биримдиги” партияныны негиздөөчүсү Мелис мырзакматов (шарттуу кесилген, өлкөдөн качып кеткен) активдеше баштады, анын партиянын штабын Клара Соронкулова жетектей баштады, ал Конституциялык палатанын мурунку мүчөсү, Атамбаевдин учурунда кызматташ бошотулган. Эми ал бийликти колдой алат.
– Бирок, ал кантип муну жасай алат? Анткени, Мырзакматов бир нече жылга соттолгон да, ал чет өлкөдөн келери менен, ал дароо камалышы керек да...
– Азыр эркиндикке саясий ишмерлер бийликти кулатуу аракети үчүн соттолгондор чыгып жатат, мисалы Бектур Асанов, ал мурунку президенттин тушунда камалган эле. Мырзакматов дагы саясий репрессияга кабылган адам катары амнистияга туш келиши мүмкүн, анткен менен анын беренеси кылмыштык болуп саналат. Бирок, эгер келбесе да, анын түштүктөгү таасири абдан чоң, ал аралыктан эле башкара алат.
Көмүскөдө жашынып жаткан башка пайтиялар дагы ойгоно баштады, алар да жан жөкөр боло алышат. Мисалы, “Замандаш”, “Мурас” сыяктуу партиялар, алар республикадагы эң бай адамдардын бирине таандык. КСДПга парламенттик “Бир бол” партиясы дагы кошула алат. Башкача айтканда, күчтүү саясий платформаны түптөөгө болот, ал азыркы бийликти жана азыркы бийликтеги президенттин бөлүгү болгон КСПДны колдойт. Мунун баары 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоону утурлай жүрүп жатат.
– Эки президенттин күрөшү, элитанын күрөшү экономикага, социалдык чөйрөгө терс таасирин тийгизет деп эсептелет. Ачык айтканда, саясатчылардын мунун баарына көңүл бурууга убактылары жок. Эгер тараптардын бир жеңишке жете турган болсо, ал саясий күрөшкө эмес, инвестицияларды тартууга, мектептерди курууга, жумуш орундарын түзүүгө көбүрөөк көңүл бурат деп айтууга болобу?
– Жок. Анткени, биздин саясатчылар орусиялыктар келет, Путин келет жана экономикалык көйгөйлөрдү “чечип кетет” деп ойлоп жатышат.
– А эмне, бир тууган эже-сиңдилерге сөйкө бергендей эле Путин Жээнбеков менен Атамбаевди элдештире алабы?
– Болушу мүмкүн? Жакында эле Сооронбай Жээнбеков күтүүсүз Сочиге Владимир Путин менен жолукканы барып келди. Ушундан кийин дароо эле Конституциялык палата мурунку президенттерден кол тийбестигин алып салуу жол-жобосун татаалдантып салды. Анткен менен, депутаттардан турган бийликтин тарапташтары Атамбаевди сотко берүү үчүн, андан кол тийбестикти алып салууга аракет кылган. Документтерде кандайдыр бир жаңы пункттар, тоскоолдуктар жана жолтоолор пайда болду, жада калса бул акциянын демилгечиси депутат Исхак Масалиев кийинки аракеттеринен баш тартты.
Дагы бир фактыны эске алуу керек. Жакында эле солто уруусунун курултайы болуп өттү, ага маанилүү мамлекеттик орундарды ээлеген кыйын чыкмалардын өкүлдөрү катышты, анын ичинде мурунку премьер-министр, министрлер, саясатчылар да бар эле. Бул түндүктүк уруу, алар бийликте орун албагандыгына нараазы болушту. Эгер улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасын эске албай турган болсок, анда алар ич ара туура сөздү айткан болот.
– Бирок, бул курултайлардын баары уруулук согулуштар да, жумшак айтканда заманбап көрүнүш эмес...
– Бул ошондой сезилет. Бул жерде мындан көп сандаган солто сыяктуу урууда президентке басым жасоо куралы пайда болгону чоң роль ойнойт. Бул башка урууларды бириктирип, активдештире турган окуя. Өзгөчө бийликтен алыс калган түндүк урууларын (азыркы президент өлкөнүн түштүгүнөн чыккан).
– Бардык ушул ички саясий оюндар Владимир Путиндин иш сапарына даярдыктын жүрүшүндө болуп жатат. Бул эки процесс кандай байланышкан?
– Мен буга чейин айткандай, жетекчилик чөйрөдө орусиялык биздин өлкөнүн экономикалык көйгөйлөрүн “чечүүгө” бел байлайт деген үмүт бар. Экономикалык кызматташтык боюнча, албетте, маанилүү документтерге, өзгөчө энергетика, темир жол транспорту, тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюлат.
Мунун баары өлкө үчүн пайдалуудай көрүнөт. Бирок, мунун баары жөн жерден эмес. Путиндин иш сапарын элитанын бир бөлүгү кырдаалды курчутуу үчүн пайдаланышы мүмкүн.
Мисалы, жакында эле мурунку финансы министри, учурдагы депутат Акылбек жапаров күтүүсүз сунушун алып чыкты. Ал Кыргызстандын региондорун өнүккөн өлкөлөрдүн ортосунда бөлүштүрүп берүүнө сунуштады, ошол өлкөлөр региондордун өнүгүшүнө салым кошот дейт. Мисалы, Баткен областын Японияга берүүгө болот экен, япондор аны көтөрүп, жолдорду, мектептерди, ооруканаларды куруп берет имиш. Баары Япониянын өзүндөгүдөй болот дейт. Башка областты АКШга, үчүнчүсүн Орусия жана башкаларга берүүнү сунуштады.
Сунуш, жумшак тил менен айтканда, бирдей реакцияны пайда кылган жок. Баарынан да, албетте, мекенчилдер нараазы болуп чыгышты, Жапаров мекенибизди сатып жатат дешип. Мунун артында АКШ турат деп дагы айтууга болот. Жакында эле Мамлекеттик департаменттен жогорку кызмат ордун ээлеген чиновник келип, куулуп кеткен президент Курманбек Бакиев уурдап кеткен бир нече миллион долларды кайтарып берүүгө сөз берген.
Жакында Путин келет. Дал ошонун келерине карата Бишкекете коомдук нараазылыктардын көбү өтүп жатат, Жапаровдун сунушу Москва менен эч кандай байланышы жок болсо дагы, нараазылыктын бир бөлүгү аргасыз Орусияга карай бурулат. Жапаровдун акциясы мына ушуга багытталган. Айрымдар анын сунушун акмактык деп айтып жатышат. Ал абдан акылдуу адам. Ал жасаган иштердин баары башынан эле эсептелген. Башкача айтканда, ал – пландаштырылган орусияга каршы акция.
Азыр саясий күрөштө мындай ыкмалар дагы деле колдонула берет. Мисалы, “Бир бол” парламенттик партиясынын өкүлдөрүнүн бири өздөрүнүн ээлелеген орундарынан кетип жаткан премьер-министрлерди, министрлерди өмүр бою пенсия менен камсыз кылууну сунуштады. Албетте, бул элде теср реакцияны пайда кылды. Бардык мурунку саясатчылардын нараазылык толкуну пайда болду. Ал эми бул көп жагынан – азыркы бийликтин каршылаштары. Эгер бул партияда чет өлкөдөн чакырылган саясий технологдор же чет өлкөлүк престиждүү окуу жайлардан тиешелүү билимге ээ болуп кетген биздин эле балдар иштеп жатса, мен таң калбайм.
– Бул орусияга каршы акциялар кандай максатты көздөшү мүмкүн?
– Менин көз карашымда, бийликте интеграциялык процесстердин күч алуусун каалабаган адамдар бар. Элестеткиле, ири жана орто орусиялык бизнес келет, энергетикадагы, тоо-кен өнөр жайындагы орундарды ээлеп алышат. Анан биздин көпчүлүк олигархтар сыртта калышат. Алар эч нерсени “башкара албай” калышат. А эгерде орусиялыктар чек араны жаап коюп, Кытайдан келе турган, анын ичинде Орусияга бара турган контрабанданын агымын токтотуп койсочу? Жергиликтүү олигархтарга бул пайдасыз, аларга экономикалык өсүштүн токтошу, башаламандык пайдалуу. Эгер орусиялыктар келе турган болсо, анда баары бир түзүмгө келе баштайт, тартип күчтүрөөк болот, бул инженердик мамиле. Жана да ал баарына эле жага бербейт.