Бүткүл дүйнөлүк универсиада 2019 – студенттик шаттык от менен Сибирдин жүрөгүндө!

12 марта 2019 Бүткүл дүйнөлүк универсиада 2019 – студенттик шаттык от менен Сибирдин жүрөгүндө!

Универсиада – жаштыктын жана спорттун уникалдуу эл аралык майрамы. Спорттун тили баарына түшүнүктүү, ал Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген элди жана муунду бириктирет! Красноярск шаарындагы Студенттик оюндар учурунда бүткүл дүйнөдөн келген миңдеген көрүүчүлөр жана спортчулары келет. Ага келген ар бир адам өзүн үйдөгүдөй сезиши керек.

Красноярскидеги универсиадада Борбор Азиянын дагы спортчулары да ат салышат.

Биринчи мелдештер 2-мартта башталды. Шаар он миңдеген меймандарды тосуп жатат. Борбор Азиядан барган спортчулар кышкы универсиадага жакшы даярдык менен барышты. Кыш универсиаданын айылына барган Казакстандын делегациясы эле 95 беш кишиден турат.

Мындай иш-чаралар жаш спортчулар үчүн абдан маанилүү, дейт Кыргызстандын Лыжа спорту боюнча федерациясынын президенти Игорь Борисов.

“Мындай мелдештер ар дайым спорт үчүн түрткү берет. Ар бир спортчу үчүн ал жакка баруу намыс! Бул балдар үчүн да чоң стимул – спорттук секцияларга такай бара башташат. Каражаттын жетишсиздигинен Кыргызстандын командасы мелдешүү үчүн жакшы даярдана албагандыгы – башка маселе”, - деп белгиледи Борисов.

Биринчиси 1973-жылы Москва шаарында, экинчиси – 2013-жылы Казанда өткөн. Азыркы тарыхта дал ушул Орусияда 2013-жылы Казан шаарында өткөн жайкы универсиада ири эл аралык спорттук оюндарды өткөрүүдө жогорку стандартты көрсөтө алды. Кышкы универсиада-2019 Красноярск шаарын уникалдуу спорттук аренага айлантты, анда дүйнөлүк державалар чыныгы спорт майрамында болушту, анын башкы баалуулугу улуттук жана диний тоскоолдуктарды басып өтүүдө, адамдарды жана мамлекеттерди бириктирүүдө. 2019-жылы Орусия универсиада кыймылынын бүткүл тарыхы үчүн достуктун оюунун өткөрүүнү пландаган.  

Уюштуруучулар белгилегендей, иш-чаранын башкы баалуулугу улуттук жана диний тоскоолдуктарды басып өтүүдө, адамдарды жана мамлекеттерди бириктирүүдө болуп саналат. Уюштуруучулар Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган спортчуларды, күйөрмандарды жакшы тосуп алып, Сибирдин жүрөгүндө эң жылуу мамилесин көрсөтүп жатышат.

Булак: http://mediaplov.asia/ru/news/2285-vsemirnaya-zimnyaya-universiada-2019-v-serdce-sibiri-s-ognem-studencheskogo-zadora?fbclid=IwAR0vNfjn8FLNB1UhILRHFMgbfZxRJBf7MP7wjbbAb7bJtK-yagJ4KOwPj1E