Шерадил Бактыгулов: ЕАЭБдин сапат стандарттары Кыргызстандын экспорттук дараметин өстүрүү үчүн негиз катары

13 марта 2019 Шерадил Бактыгулов: ЕАЭБдин сапат стандарттары Кыргызстандын экспорттук дараметин өстүрүү үчүн негиз катары

Кыргызстанда узак убакыт бою продукцияларды ыктыярдуу тастыктоо системасы иштеп келген. Коопсуздуктун стандарттарын сактоо талабв республиканын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүндө милдеттүү болуп калды.

Евразиялык экономикалык бириммдиктин (мындан ары – ЕАЭБ, Биримдик) алкагында азыркы учурда ЕАЭБдин 47 техникалык регламенти кабыл алынган, ал Биримдиктин рыногунда айландырылган дээрлик бардык продукцияларды камтыйт. Бул продукция үчүн бирдиктүү рынок түзүлгөн.

180 миллиондун тегеригиндеги калкы бар ЕАЭБ өтө келечектүү рынок, ал Кыргыз Республикасы үчүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн дагы, чет элдик инвесторлор үчүн дагы талашсыз кызыкчылыкты жаратат. ЕАЭБдин мейкиндигинде бирдиктүү рыноктун болушу анын аймагында айлындырылган продукциянын коопсузудугуна бирдиктүү талаптардын таасир этүүсүн болжолдойт. Ушул параметрлерди жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттер аралык стандарттарды жана ЕАЭБдин техникалык регламентин иштеп чыгуу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүп жатат, алар ар бир товардын түрүнө талаптарды белгилейт.

Техникалык регламенттер жана стандарттар ЕАЭБдин бүткүл аймагында колдонулган продукциялардын белгилүү бир түрүн даярдоо, сатуу, сактоо, ташуу жана кайра иштетүү процесстерин жөнгө салган ченемдерди камтыйт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана бизнес түзүмдөрү ушул документтерди иштеп чыгуу процессине активдүү катышы керек. Бул ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө өндүрүү процесстерин жана товарды өндүрүү көлөмүн өстүрүүнү так контролдоонун эсебинен бир топ интенсивдүү өнүгүүнү камсыз кылат, ошондой эле продукциянын атаандаштыкка туруштук берүүсүн жогорулатат.    

Техникалык регламент түшүнүгү – бул узакка созулган жана ачык процесс. Тилекке каршы, компаниялардын жана жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көпчүлүгү техникалык регламенттер менен алар күчүнө киргенден кийин гана таанышы баштайт.

Техникалык регламенттер продукциянын коопсуздугунун көрсөткүчүн белгилейт. Тишелүү тизмеге кошулган стандарттарды даярдоочулар тарабынан колдонуу конкреттүү чөйрөнү түзөт.

Заманбап стандартташтыруу – эң мыкты улуттук жана эл аралык практикаларды, алдыңкы технологияларды чогултуунун жыйынтыгы, анын милдети – өнөр жайдын өнүгүүсүнө таасир этүү. Ушул чөйрөдөгү жөнгө салуучу органдардын алдында турган негизги максат – келечекке иш түзүү, ал эми буга бардык түзүмдөрдүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүндө гана жетишүүгө мүмкүн (бир эле өнөр жайга жооптулар эмес, илимий чөйрө, керектөөчүлөр, серепчилер ж.б.).

ЕАЭБде кандай техникалык регламенттер иштейт? Мисалы, сүт жана сүт азыктарына 4 техникалык регламенттин таасири жайылтылат:

- 021/2011 ББнын ТР (Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө); 

- 033/2013 ББнын ТР (Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө); 

- 022/2011 ББнын ТР (Тамак-аш продукциясы анын маркировкалоо бөлүгү); 

- 005/2011 ББнын ТР (Таңгактын коопсуздугу жөнүндө). 

021/2011 ББнын ТР (Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө); бардык тамак-аш азыктары үчүн жалпы талаптарды, ал эми 033/2013 ББнын ТР (Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө) сүт жана сүт азыктары үчүн конкреттүү талаптарды белгилейт экендигин белгилей кетүү зарыл. 022/2011 ББнын ТР (Тамак-аш продукциясы анын маркировкалоо бөлүгү)  менен тамак-аш продукциясын милдеттүү маркировкалоо талаптарын түшүндүрөт. Көптөгөн ата мекендик мөмө-жемиш азыктарын өндүрүүчүлөр бул техникалык регламент жөнүндө билишпейт. Бул жашылча менен мөмө-жемиштерди артына кайтаруу менен байланышкан казустарды далилдеп турат, анын негизинде чоң жоготууларга туш болушат.

Көйгөйлөр:

1. Продукциянын коопсуздугунун стандарттары боюнча окутуучулар үчүн окуу-методикалык куралынын жана сунуштардын жоктугу;

2. Кадрлардын “агымы” (окуу жайлардын окутуучулары жана өндүрүштүк адистер), Даяр адистер башка өлкөлөргө иштөөгө кетип жатат;

3. “Тар” адистиктин жоктугу (бакалавриаттын чегинде);

4. Фермердик чарбаларды жана ишканларды кичи көлөмдөрү (1-1,5 га);

5. Көптөгөн фермерлер буга чейин айыл чарбасында иштеген эмес (мурунку мугалимдер, трактористтер ж.б.);

6. Фермерлер сатып өткөрүү менен алектенбейт, алар менен алып сатарлар алектенишет. Ошондуктан, фермерлерде өзүнүн продукцияларынын сапатын жогорулатуу үчүн түрткү жана дем жок;

7. Билим берүү стандарттары орусиялык стандарттардын негизинде иштелип чыккан жана жергиликтүү бизнестин талаптарын ар дайым эл эске ала бербейт;

8. Жакшы окуган студенттер башка өлкөлөргө кетип жатышат.

Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу максатка ылайыктуу болмок:

1. Коопсуздук стандарттары боюнча окутуучулар жана студенттер үчүн окуу-методикалык басылмасын иштеп чыгуу;

2. ISO, HACCP, Global G.A.P. стандарттарынын жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин шайкештиги боюнча фермерлер үчүн таанып-билүү кампаниясын өткөрүү;

3. Соода тармактарын, чекене сатуу тармактарын кеңейтүү жана Кыргызстанда алып сатарларга катара тамак-аш коопсуздугунун стандарттарын колдонуу;

4. Докторантурада адистешүүнү киргизүү (коопсуздук стандарттары боюнча);

5. Айыл чарба кооперативдеринин ирилешүүсүн колдоо;

6. Айыл чарба технологдорун жана адситерин даярдаган окуу жайлар менен кызматташтыкты кеңейтүү (М.Рыскулбеков атындагы КЭУ, И.Раззаков атындагы КМТУ);

7. Тастыктама берүүсү лабораториялардын лабораттарын даярдоо үчүн атайын орто окуу жайларда коопсуздук стандарттарын үйрөтүү (колледждер жана лицейлер);

8. Мектептерде адистикке багытталган иштерди өткөрүү (стандартташтыруу жана метрология маселелерин үйрөнүүдө кызыккандарды колдоо).