Д. Ашимбаев: Евразиялык биримдикти канча болсо да сындай берүүгө болот, бирок ал иштеп жатат

24 марта 2019 Д. Ашимбаев: Евразиялык биримдикти канча болсо да сындай берүүгө болот, бирок ал иштеп жатат

Евразиялык интеграция багытында белгилүү бир көйгөйлөр бар. Алар пайда болуп турат жана өз убагында чечилет. Бул көйгөйлөрдүн бири дагы ЕАЭБден чыгуунун себеби эмес – аны түзүү үчүн абдан көп күч жумшалган.

25-февралда Казакстанда өкмөт отставкага кеткенден кийин министрлер кабинетинин ажңы курамы түзүлгөн. Министрликтердин экономикалык блогун жаңы саясатчылар жетектеп калды, ал эми президент Нурсултан Назарбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык модернизацияна старт берди.

Ички социалдык саясаттын тегерегинде Казакстандын интеграциялык кызыкчылыктары жоголуп кетпейби, эмнеге казакстандын ЖМКлары дээрлик ЕАЭБдин жетишкендиктери жөнүндө сөз кылбайт жана башкы кызмат орундарына жаңы адамдардын келишине байланыштуу биримдикти эмне күтүп турат деген суроолорго белгилүү саясат таануучу, “Казакстанда кимдин ким экендиги” жөнүндө энциклопедиянын автору Данияр Ашимбаев жооп берди.

- Данияр Рахманович, жаңы өкмөттүн эл аралык багыты кандай болот? Өткөн жылы финансы интеграциясында жакшы иштер жүзөгө ашырылган. Эми индустриянын өнүгүшүнө Роман Скляр жооп берет, дипломатия үчүн Бейбут Атамкулов, финансы үчүн - Алихан Смаилов, экономикага - Руслан Даленов. Бул курам менен биздин эл аралык милдеттемелерди ишке ашырууга мүмкүнбү?

- Менин көз карашымда, азыр министрлердин саны жетишсиз. Өкмөттүн ишинде маанилүү учурлар абдан көп. Мурда беш вице-министрлер аткарган милдеттер бир адамдын мойнуна жүктөлгөн учурда, ал би эле мезгилде бардык маселелер менен иш алып барууга физикалык жактан жетишпейт. Орун басарлары мыкты, күчтүү болушу керек. Оптимизация планында минисрдиктердин түзүмүн карып чыгуу маселеси башып жетилди. Бул сөзсүз эле кыскартуу боулшу керек эмес.

Тышкы иштер министрлигине жана Улуттук экономика министрлигине инвестицияларды тартуу функциясы жүктөлгөн. Инвестицияларды канча болсо да тартууга болот. Бирок, негедир ар дайым алардын маниторинги боюнча өтө маанилүү маслее келип чыгат. Мурункулар кайда кетти, алардын кайсынысы иштейт? Процесске ыкчам кийлигишүүнүн кереги барбы?

Бюджетке жана жалган мамлекеттик секторго депозиттер боюнча проценттер төлөнүп турат. Бирок инвестициялар кайтарымсыз эмес болгон да. Бизде аларга кредиттерди тартуу дагы кошо жазылат. Өзгөчө жоопкерчиликти дагы эч ким алып жүрбөйт.

Айтылган өздөштүрүү ишке ашыруу проценттери, төлөө проценттери – бул суммалар дагы жок. Муну амалкөйлүк менен минтип түшүндүрүүгө болот, бул мамлекеттик карыз эмес, жалган мамлекеттик сектордун карызы. Ал эми ал кимге таандык?

Улуттук компаниялар тарабынан алынып жаткан бардык киреше буга чейинкилер алган жана алар келгенге чейинкилер талап-тоноп кеткен  кредиттерди төлөөгө кетип калбайбы? Бул абдан маанилүү, анткени бул капиталдын артка карай агуусу да. Башкача айтканда, инвестицияларды тартууга жооп берген мамлекеттик орган керек.

Мейли муну менен Эсептөө комитети акыр аягы иш алып барсын. Ал акыркы убакта жарыяланган текшерүүнүн материалдарынын санын кыскарткан. Башкача айтканда, биздин эл аралык милдеттемелердин өсүүсүнө байланыштуу өкөмттүн түзүмүнө татип киргизүү керек.

- Союздык милдеттемелер боюнча иштерди кайсы конкреттүү мамлекеттик органдар көзөмөлдөйт?

- Алар боюнча экономиалык блоктун дээрлик бардык министрлкитери иш алып барат. Монополияга каршы комитет интеграциялык биримдиктер жана ушул маселелерди жөнгө салган башка өлкөлөрдүн профилдик мамлекеттик органдары менен биргеликте иш алып барат.

  • Финансылык өз ара аракетүү маселелери менен - Ерболат Досаев башында турган Улуттук банк.
  • Статистика жана пландоо маселеси – Финансы министрлиги жана Улуттук экономика министрлиги.
  • Транспорттук өз ара аракеттешүү жана транзит маслелери Роман Кслярдын Индустрия жана инфра түзүмдүк өнүгүү министрлигинин ишине кирет.                                                                                                  
  • Агрардык рыноктун иштөө маселелери Айыл чарба министрлигине карайт, ал акыркы жылдары орусиянын Айыл чарба министрлиги менен узакка созулган согушка кирип алган.

Экөө тең узак убакыт бою өз ара импортко тыюу салуу менен иш алып барышат. Мында сөз рынокту коргоо жөнүндө эмес, конкреттүү өндүрүүчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө болуп жакандай туюулат. Талаш эки тараптын тең конструктивдик алкагынан чыгып кеткен.

ЕАЭБди канча болсо дагы сындай берүүгө болот. Бирок, ал бар жана ал иштеп жатат. Ал боюнча товар айлантуу статистикасы доллар менен эсептелет. Доллар белгилүү болгондой кымбаттап жатат.

Эгер биз экономиканы бөлүштүрүп, сырьёлук эмес экспортту ишке киргизе турган болсок, анда ал жок дегенде Орусиянын же Белорусяиынын анча суроо-талапка ээ эмес рынокторунда атаандаштыкка туруштук бере ала турган болушу керек. Эгер биздин подшипниктерибизди, трансформаторлорубузду жана аккумуляторлорубузду ал жакта дагы сатып алышпаса, анда Кытайдын, Европанын жана АКШнын рынокторуна кирүүнүн эмне мааниси бар?

- Жакыш пландар көп, анын үстүнө евразиялык интеграциянын өзү дагы акыр аягы союз боюнча адамдардын, акчанын жана товарлардын эркин жүрүү максаты бар.

- ЕАЭБ бизге керек. Ансыз биз эч жакка бара албайбыз. Биз биримдиктин бардык мамлекеттери менен иштешебиз, баары менен чоң айлантуулар бар. Биздин көпчүлүк өндүрүштүк чынжарларыбыз жана логистика коңшу өлкөлөр менен байланышкан.

  • Казакстан Өзбекстан менен мамилеси бар, аны менен биз азыр бир дагы биримдикке кирбейбиз, бирок аны менен белгилүү бир товар айлантуу бар.
  • Түркмөнстан бар, ал дагы бир да биримдикке мүчө эмес, бирок аны менен биз соодалашабыз, ал аркылуу биздин транзит өтөт.
  • Кытай бар, аны менен биз аскердик-саясий биримдикке кирбейбиз, бирок экономикалык жактан ал Кызыкстандын ири өнөктөштөрүнүн бир.
  • Бизде иран рыногу дагы бар, дагы башка ушул сыяктуулар.

Бирок, биздин финансы тутумубуз көпчүлүк жагынан Батышка ыңгайлашкан. Мындай кырдаалда биз баары менен, эч кимисине артыкчылык бербей өз ара аракеттешибиз керек экендиги түшүнүктүү,.

Азыр Орусия менен болгон товар айлантуу Европа же Кытай менен болгондой анчалык чоң эмес, бирок орусиялык айыл чарба же азык-түлүк продукцияларысыз биз эч жакка жыла албайбыз. Өзүбүз дагы өндүргөн продукцияларыбызды кайда жеткирмек элек.

Казакстан коңшу өлкөлөр менен тыгыз байланышта. Азыркы премьер-министр Аскар Мамин мурнук министрлер кабинетинде биринчи вице-премьер министр катары евразиялык интегарция маселелерин көзөмөлдөп келген, проблематикасын жакшы билет.

Орусия менен өтө эле тыгыз байланыша албайт экендигибиз түшүнүктүү, анткени белгилүү санкция проблемасы бар. Ошол эле Улуттук фонддун эсептеринин камакка алынышы көптөр тарабынан Батыштын демонстрациясы катары каралаган, Казакстандын кандай эсеби болбосун – мейли суверендүү, мейли мамлекеттик, анын үстүнө жеке эсептер -  камактан корголгон эмес. Ал эми бул бир эле казакстандын эле эмес, орусиянын элитасы үчүн дагы чоң проблема.

Орусия менен экономикалык жактан интеграциялашууда биз терең саясий интеграциянын пайдасы жок экендиги жөнүндө унутпашыбыз керек.

Бизде Түркияда дагы, Иранда дагы, Сауд Арабаиясындагы белгилүү бир байланыштарыбыз бар экендиги түшүнүктүү. Анын ичинде батыш же орусиялык багытагы карама-каршылыктуу багыттар дагы бар. Ушул багыттарды дагы биз өнүктүрүүдөбүз.

Бизге бир эле жакын коңшулар менен эмес, алыскы чет өлкөлөр менен дагы кызматташуу зарыл. Ошол эле учурда биринчи кезекте өзүбүз жөнүндө ойлошубуз керек. Евразиялык интеграция багытында белгилүү бир көйгөйлөр бар экендиги түшүнүктүү. Алар пайда боло берет жана чечилип турат. Ошол проблемалардын бири дагы ЕАЭБден чыгуу үчүн негиз болбойт – аны түзүү үчүн көп күч жумшалган.

- Белгилүү бир иш жасалып, көптөгөн макулдашууларга кол коюлган. Азыркы өкмөт курамынын анын баарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмү барбы? Же кайра дагы жаңы демилгелер, кол жеткис пландар пайда болобу?

- Евразиялык интеграция боюнча иштин көлөмү бизде өтө чоң. Бирок, негедир ал мамлекеттик маалымат саясатынан артыкчылыктуу чагылдыруудан түшүп калган.

Орусия менен кызматташуу боюнча басма сөздө оң жагын көрө алган жокпуз, бирок иш жүзүндө ал бар. Негизгиси деп биз кайсы бир продукцияны импорттоого кезектеги тыюу салуу жөнүндө жаңылыктардан окуйбуз. Башкача айтканда, саясий багыттан экономикалык багыт түшүп калды, бул олуттуу проблема болуп калды.

Балким, улутчул популисттерге бийликке аракет кылбай, өздөрүнүн жетишкендиктерин, долбоорлорун жана башкаларын көрсөтүү пайдалуу чыгар. Бирок, эгер алар тууралуу айтпай турган болсок, алар жок болуп кетпейт. Биз электр энергетикасы рыногу боюнча олуттуу маселелерди чечишибиз керек экендиги түшүнүктүү, алдыды татаал сүйлөшүүлөр бар, белгилүү бир рыноктор боюнча биздин өлкөлөрдүк ортосунда атаандаштык бар. Бирок, ал маселелер өлүмгө алып барбайт, аларды талкуулап, чечүү керек.

- Бизде дагы, Орусияда дагы бензиндин профицити боюнча акыркы окуя – ага мисал. Энергетика министри Канат Бозумбаев отставкага кетерден бир күн мурун Казакстанга орусияык күйүүчү отундун кирүүсүн чектөө жөнүндө буйрукка кол койгон. Бул кайра эле мамилени ырбатабы?

- Мындан мамлекеттер аралык мамилелер жапа чекпейт. Бул баарынан мурун өзүнүн рыногун жана өзүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо чарасы. Алар болушу керек.

Биз 90-жылдардын башынан баштап чет элдик өнөктөштөрдүн пайдасына өзүбүздүн унаа куруубузду, жеңил өнөр жайыбызды курмандыкка чалдык. 1991-жылга карата иштеп жаткан көп сандаган иштеп жаткан ишканалардын ичинен бир-экини гана калды.

А бул экономиканын чоң секторлору өнүгүп кетсе болот эле да. 18 миллион – бул кичине рынок деген сөздөр негедир башка өлкөлөрдү токтотпойт. 18 миллион керектөөчү – бул, одоно эсеп менен 5 млн өндүрүштүк авто унаа, 10 млн уюлдук телефон, уюлдук телефондор үчүн 20 млн аккумулятор. Дагы ушул сыяктуу.   

Көптөгөн өлкөлөр ушундай рынок тууралуу кыялданышат. Ошол эле сырьёлук рынок аз керектөөгө же рыноктун аз көлөмүнө даттана элек, ал өзүнүн секторлорун өз таап, өзү иштеп келет. Жөн гана иштеп жатат.

Өлкөдө акча бар, жумуш бар, долбоорлор бар. Казакстандагы ишканалардын жана адамдардын массасы евразиялык рынокту канчалык тилдебейли, андан пайда таппайт. Өкмөт кайра кайрылбайт экендиги түшүнүктүү, анткени мунун бары чынында эле кагаз жүзүндө эмес, иштеп жатат.

Биз дагы коңшуларга жаман мамиле кылгыдай, анчалык алыс кеткен жокпуз. Казакстан орусиялык да, батыштык да, кытайлык да болбойт. Ал өзүбүздүкү болот.

Эгер айрым кишилердин кызыкчылыктарын мамлекеттин кызыкчылыктарынан бөлүп караган учурда гана кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактап калууга мүмкүн болот. Бизге логистика керек, бирок өзүбүзгө зыян алып келбеши керек. Мындай мамиле бийликте бар экендиги кубандырат.

Бизде атомдук энергетика боюнча иш башталган, уран өнөр жайында көптөгөн биргелешкен ишканалар иштеп жатат. Кошумча өнөр жайды өнүтүрүүгө болот. Мунун баары – өзүбүздүн жана ЕАЭБдин пайдасы үчүн. Кааласак баары табылат. Колониядан кийинки сондромду эстеп канча болсо ошончо кайгырууга болот, бирок бул эволюциянын туюк багыты.  

STAN RADAR