Бир ай! Россияда иштеген кыргызстандыктарга "миграциялык мунапыс" берилет

22 марта 2019 Бир ай! Россияда иштеген кыргызстандыктарга "миграциялык мунапыс" берилет

Бул жеңилдик Путиндин Кыргызстанга жасалуучу мамлекеттик иш сапарынын алдында жасалган.

 Россиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп жүргөн кыргызстандыктар 2019-жылдын 22-апрелине чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгып жана каалаган учурда кайра кирсе болот. Алар эч кандай административдик жоопко тартылбайт. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Мындай жеңилдик Россиянын Кыргызстандын жарандарына жарыялаган "миграциялык мунапысынын" негизинде каралды.

Ал эми "миграциялык мунапыс" Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган иш сапарынын алкагында жарыяланган.

"Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына карата эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруунун алкагында Россия Кыргызстандын жарандарына "миграциялык мунапыс" жарыялоо чечимин кабыл алды", — деп жазылат маалыматта.

Элчилик Россиянын аймагында иштеп жүргөн кыргызстандыктарга кайрылып, миграциялык майда мыйзам бузуулары бар жарандарды жогоруда белгиленген мөөнөттүн ичинде "миграциялык мунапысты" пайдаланып калууга чакырды.

Толугураак маалымат алуу үчүн элчиликтин ыкчам байланыш боюнча +925 103 29 11 телефонуна чалып, кайрылсаңыздар болот.