Бостеридеги үйдүн астынан жылан чыгып, жерине куткаруучулар барды

14 марта 2019 Бостеридеги үйдүн астынан жылан чыгып, жерине куткаруучулар барды

/Кабар/. Кечээ, 12-мартта Бостери айылынын Жайлобаев көчөсүндөгү турак үйдүн астынан жылан чыккан, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жылан үйдөгү жашоочуларга коркунуч жараткан.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары барышып, үйдүн астын казып, жыланды кармап, ачык жерге коё беришкен.