Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндө келишимдин тегерегиндеги кырдаал тууралуу

11 марта 2019 Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндө келишимдин тегерегиндеги кырдаал тууралуу

Орусия тарапты курал-жарактарды эл аралык контролдоо чөйрөсүндөгү, тактап айтканда 1987-жылдын 8-декабырндагы СССР менен АКШнын ортосундагы орто аралыктагы жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндө келишим (ОКАРК) боюнча позициясына байланыштуу кырдаал тынчсыздандырып жатат.

Америка тарап Орусияны 9М729 ракетасына сыноо өткөргөндүгүнө байланыштуу ОКАРКны буйду деп айыптап жатат. Аталган ракетанын алыстык диапазоны Келишимде уруксат берилгенден жогору турат. Бул боюнча орусия тараптын бардык далилдер америкалык партнерлор тарабынан четке кагылууда. Жооп катары 9М729 канаттуу ракеталарды жок кылуу жөнүндө АКШнын ультимативдик жана такыр мыйзамсыз талаптары гана айтылып жүрөт.

Вашингтонду анын дооматтарын 2018-жылдын 16-июлунда Хельсинкиде өткөн саммитте негизсиз экендигине ишендирүү үчүн америкалыктарга курал-жарактарды контролдоо маселелри боюнча диалогго карата орусиянын сунушу берилген. Алар ОКАРКны кошкондо аталган чөйрөдөгү бардык иштеп жаткан макулдашуулар жана аталган Келишимдин аткарылышы маселелери боюнча эксперттик диалогду активдештирүү боюнча тараптардын жактай тургандыгын тастыктоону карайт. 2018-жылдын 11-декабрында  ОКАРК боюнча аскердик серепчилердин жолугушуусун өткөрүү демилгеси менен Орусиянын Коргоо министри чыгып сөз сүйлөгөн. 2018-жылдын 25-декабрында АКШ түрдүү ыңгайлуу форматта ОКАРК боюнча келишимге даярдыгын тастыктоо менен нота жөнөтүлгөн. Акыры 27-декабрда биз айтылган техникалык мүнөздөмөсүн тастыктоо максаты менен 9М729  ракетасы боюнча брифинг жана көргөзмө өткөрүүнү АКШга расмий сунуштаганбыз.

Бардык ушул сунуштар негизи жок жоопсуз калган. Биздин оюбузча, мындай мамилелер АКШда ОКАРКны сактоодо жана аны тең укуктуулук жана өз ара эсептин негизинде тараптардын кызыкчылыктарын жана бушаймандыгын аткарууда пайда болгон маселелерди жөнгө салууда реалдуу кызыктар эместигин тастыктаган ачык мисал болуп саналат.

Андай болсо деле, ОКАРКнын тагдырына жоопкерчиликти жетекчиликке алып Орусия ушул жылдын 15-январында ОКАРК жөнүндө келишим боюнча Женевада орусиялык-америкалык кеңешме өткөрүүнү сунуштаган. Ал узак макулдашуудан кийин баары бир өткөрүлдү. Орусиялык федомстволор аралык делегацияны Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары  С.А.Рябков, америкалык делегацияны – АКШнын Мамлекеттик катчысынын курал-жарактар жана эл аралык коопсуздукту контролдоо боюнча улук орун басары А.Томпсон жетектеп барган.

Биз АКШны дагы бир бүлүндүрүүчү аракетин токтотуп калуу жана бир катар региондордо, баарынан мурун, Европадагы жана Азия-Тынч океан регионундагы кырдаалды түп тамырынан туруксуздаштырууга жана коопсуздукту бузууга жөндөмдүү жаңы “ракеталык каатчылыкты” болтурбоо максатында Келишимди сактоо үчүн женева жолугушуусун пайдаланып калуу маанилүү деп эсептедик.

Жолугушуунун жүрүшүндө биз тараптан иш-чараларды талкуулоо сунушталды. Алар 9М729 ракетасына карата америкалык дооматтардын ойлоп табылгандыгын көрсөтө жана анын айтылган азыктыгын, ал 500 км түзөт, тастыктай алмак. Сөз аталган ракета жана анын эч кандай маселе жаратпаган башка моделдерден айырмасын, мүнөздөмөсүн түшүндүрүү менен ишке киргизүүчү орнотмосу боюнча көрсөтмө жана брифинг жөнүндө болду. Иш жүзүндө биз ОКАРК боюнча милдеттемелердин алкагынан алыс чыккан болуп көрбөгөндөй аракеттерди кабыл алууга ак ниеттүүлүк менен Келишимди сактап калууга даяр экендигибиз жөнүндө билдиргенбиз.

Биз ошондой эле АКШга “Иджис Эшор” жерде жүрүүчү комплекстин курамындагы универсалдык ишке киргизүүчү Мk-41 орнотмолоруна, учкучсуз учуучу чабуул коюучу аппарттарага, Келишимде каралган жерде жүрүүгө негизделген орто аралыктагы канаттуу ракеталар деп аныкталган аппараттарга, ушундай эле тыюу салынган баллистикалык орто жана кыска аралыктагы ракеталар деп мүнөздөлгөн ракета-буталарга карата орусиялык бушаймандык боюнча ачыкчык чараларын кошуу менен каршы кадамдарды негиздеп талкуулоону сунуштадык.  

Көрсөтүлгөн чараларды ишке ашыруу ОКАРКтын айланасындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу жана анын жашоо жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн жол ачмак.

Жолугушууда АКШ түзгөн каатчылыкты чечүү үчүн кылган дадалатыбыз ишке ашпай калгандыгына терең кайгырдык. Америкалыктар кайра эле тең укуктуулук жана конструктивдик диалог принциптеринин негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр эмес болуп чыгышты. Эч кандай далилдерди көрсөтпөй туруп, АКШ 9М729  ракетасы Келишимдин талаптарына жооп бербейт деген сөзүнөн кайтпай коюшту. Алар биздин маалыматты көз көрүнөө кароодон баш тартышты, ал маалыматтыр бул ишенимди четке какмак. Ошондой эле, аталган ракеталык системаны көрсөтүү жөнүндө сунушту дагы четке кагышты.   

АКШ орусиялык ракетаны америкалык тескөөчүлөрдүн байкоосу алдында контролдук сынак жүргүзүүнү канааттандырбайт экендиги ачык айтылды. Мунун баары АКШ ээ болгон “ишенимдүү чалгындоо булактарынын” алдында эч нерсеге жарабай калды. Аталган “маалыматтарды” биргелешкен талдоо жана кайра текшерүүдөн алар кайрадан баш тартышты. Аталган ракета АКШ көрсөткөн күнү дагы, башка убакта дагы тыюу салынган аралыкка сыналбагандыгы жөнүндөгү биздин түшүндүрүүлөр четке кагылды.  

Америкалыктар биздин башка дагы сунушутарыбызга үңүлүүнү каалаган жок. Мунун ордуна АКШнын делегациясы болгон бардык 9М729 ракеталарын, алардын агытуу орнотмосун жана тиешелүү жардамчы жабдууларын текшерип, жок кылуу жөнүндө ультимативдик талаптары тууралуу сөз кылууга аракет кылышты. ОКАРКнын контекстинде Вашингтондун өкүлдөрү аталган каражаттарды жок кылуу тартибин жана кийинки контролдук иш-чараларды гана талкуулоо ниетинде экендиги белгилүү болду. Бул тема боюнча алар тарабынан аракеттердин толук программасы берилди. Ушул гана жалгыз Келишим менен байланышкан маселе болуп калды. Аны беш жылдык талкуунун аралыгында америка тарап практикалык планда иштеп чыгуу зарыл деп эсептеген.

Ракетага каршы деп айтылып жүргөн “Иджис Эшор” комплексинин курамындагы агытуу орнотмолору жөнүндө маселени талкуулоо аларды “максаттуу колдонуу” мүмкүнчүлүгү менен байланышкан биздин кооптонуу негиздүү экендигин кошумча тастыктагандыгын белгилей кетүү керек. Америкалык аскерлер зарыл болгон учурда агытуу орнотмолору түрдүү аралыктагы канаттуу жана баллистикалык ракеталарды коё берүү үчүн адаптацияланышы мүмкүн экендигин жана жалгыз кармап турган фактор болуп “АКШда азыркы учурда мындай ниеттин жоктугу”саналарын ачык муюндарына алышты. Ушуга байланыштуу, биз Евроапада жана Азия-Тынч океан регионунда жайгаштырылып жаткан азыркыдай “көмүскө дарамети” бар ракетага каршы американын комплекстерин эске алыш керек болот.  

Орусия тарап АКШнын позициясы ОКАРКны сактоонун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ищдөө менен жүрүп жатканын моюнга алууга аргасыз, ага карата орусиянын сунушу багытталган. Вашингтондо орусиянын бузуулары жөнүндө билип туруп жалган айтууларга таянууну улантууда жана бизге ушундай жаңылыш дооматтарды практика жүзүндө четке кагууга мүмкүнчүлүк берүүдөн белгилүү бир максатка таянып туруп баш тартыдууда.

Америка тарап өз ара түшүнүүнүн негизинде болуп жаткан каршы кооптонууларды жок кылуу боюнча биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн такыр эле четке кагып жаткан өкүнүчтү гана пайда кылат. Биздин ишеним боюнча, ОКАРКны сактап калууга кызыктар эл аралык коомчулуктун Орусия менен АКШдан күткөн жолу дагы ошол. Мына ушуга орусиялык демилге багытталган эле.

Кеңешүүлөр көрсөткөндөй, америка тараптын жалгыз максаты билип туруп өтпөй турган “ультиматумдун” сценарийин алып чыгууну ишке ашыруу болгон. Албетте, Вашингтондо анын такыр биз үчүн кабыл алынбастыгын толук түшүнүшөт, бирок кырдаалды аталган тегиздикте билип туруп кармап жатышат. НАТО боюнча АКШнын союздаштарынын түшүндүрмөсү боюнча американын женевалык кеңешменин жыйынтыгын баасы иш-чарасын орусиянын позициясын атайын бурмалоо аракети деп гана айтууга болот. Биздин жыйынтык: АКШнын делегациясы Женевага олуттуу сүйлөшүү үчүн эмес, алардын ультиматуму биз тараптан четке кагылгандыгын “констатациялоо” үчүн гана келген.

Саресеп салып көргөндө, америкалыктар тарабынан ОКАРК боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууда буга чейин айтылган “токтотууну” ишке ашыруу үчүн жетиштүү актануу алуу үчүн эсептешүү жүргүзүлүп жатат. Эске салсак, мындай аракеттер америкалык “токтотуу” үчүн негиз катары болбогон “орусиянын бузууларына” жалган аталышы менен юридикалык жактан эч кандай мааниге ээ болбой калат. Ага ылайык, бул “токтотуу” АКШнын милдеттерине, Келишимдин өзүнүн аракетин улантууга эч кандай таасир тийгизе албайт. Мындан тышкары, эл аралык укутун жалпыга таанылган ченемдерние ылайык мамлекет анын жаңылануусуна тоскоолдук кылган кадамдардан карманууга милдеттүү. Вашингтондо жана АКШга союздаш өлкөлөрдүн борборлорунда бул тууралуу унуткан жок деп ишенели.

Орусия мындан ары дагы Келишимдин сакталып калуусу үчүн күрөшө берет. Биз кылбаган ишти мойнубузга албайбыз. Тескерисинче, мындан ары дагы өзүбүздүн актыгыбызды далилдөөгө даярбыз, ошол эле учурда АКШдан биздин кооптонуунун эсебин алабыз.

Булак: http://polit.kg/news/430?fbclid=IwAR1PLZ7DtnjJBrQNaXse97Am9_26ntCos_Uxk2JzTweWH2ioL1j9RZtGyuQ