Вашингтондогулар мурунку советтик Орто Азияны АКШнын көзөмөлң алдында Ооганстан жана Пакистан менен интеграциялоого багыт алышты.
2019-жылдын башынан бери АКШнын Борбор Азиядагы аскердик-дипломатиялык активдүүлүгү өсө баштады. Америкалыктардын негизги аракети Өзбекстанга багытталган, алар көп учурда Кошмо Штаттарга багытталган.
Январдын ортосунда Өзбекстандын Коргоо министрлигинин атайын операциявлар күчтөрүнүн аскер кызматкерлери биринчи жолу тарыхта Кэмп-Шелби (Миссисипи штаты) аскердик базасында “Түштүе чабуул” деген аскердик машыгууларга америкалык өнөктөшт менен биргеликте катышты. Америка тараптан машыгууга Миссисипи штатынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери катышты. Өзбекстандын аскердик ведомствыосу билдиригендей, мындай машыгуулар “АКШнын күчтөрү жана негизги союздаштардын ортосунда аскердик даярдыкты жана өз ара аракеттенүүнү кармап турууга” мүмкүнчүлүк берет (башкача айтканда, Өзбекстан АКШ “негизги союздаштарына” киргизе баштадыбы?), ал эми машугуулардын сценарийи азыркы глобалдык кризистерди эске алуу менен иштелип чыккан. Өзбекстандан башка машыгууга Канаданын, Чилинин жана Нидерландынын атайын базгыттагы аскер кызвматкерлери катышты.
Өзбек аскер кызматкерлери АКШда аскердик машыгуу учурдунда. Сүрөт Өзбекстандын Коргоо министрлигинин сайтынан алынды.
Ташкенттин аскердик байланыштар тармагындагы негизги өнөктөшү болуп Чыгыш Африкага, Ортоңку Чыгышка жана Борбордук Азияга жооп берген АКШнын Борбордук аскер командасы чыгып жатат (БОРБОРКОМ). БОРБОРКОМ Ташкент менен байланшытарын көптөн бери жолго салып келет. 2017-жылдын апрелинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдан БОРБОРКОМдун башчысы Джозев Вотел (Joseph L. Votel) менен сүйлөшүүлөр жүрүп, “региондо коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселесин” талкуулашкан.
2018-жылдын 12-майында генерал ДЖ.Вотел башында турган АКШнын аскердик делегациясы Өзбекстандын коргоо министри Абдусал Азизов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошол эле жылдын 18-сентябрында Өзбекстанга Миссисипи штатынын Улуттук гвардиясынын командачысы, губернатордун орун басары генерал-майор Дженсон Д. Бойлс баштаган дагы бир АКШнын аскердик делегациясы келип кеткен. Мына ошондой өзбек аскер кызматкерлеринин Миссипи штатында өтө турган машыгууларга катышуусу жөнүндө макулдашууга жетишкен.
Ушул эле жылдын февраль айынын аягында Дж. Вотел кайрадан Ташкентке келип кетти. Ал кайрадан Өзбекстандын саясий жана аскердик жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 21-февралда Hyatt Regency Tashkent мейманканасында Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн генералдык штабынын башчыларынын конференциясы болуп өттү. Дж. Вотелден башка ага Борбордук Азиянын төрт армиясынын (Өзбекстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын), Пакистандын жана Ооганстандын Башкы штабынын башчылары, ошондой эле кыргызстандын Башкы штабынын башчысынын орун басары катышты.
Ушул конференциянын катышуучуларынын географиясы Фредрик Стардын (Ф.Стар АКШнын үч президентинин алдында Орусия жана Евразия боюнча кеңешчи болгон, Борбор Азия регионунун проблемаларын изилдөө боюнча өкмөттүк топту жетектеген, штабдардын башчыларынын Бириктирилген комитети үчүн Борбордук Азияны, Кавказды жана Ооганстанды биринчи комплекстик стратегиялык бааны иштеп чыгууга катышкан) жетекчилиги алдында Джон Хопкинс университетинде (Балтимор, АКШ) иштелип чыккан “Чоң Борбордук Азия” концепциясына дал келет. “Чоң Борбордук Азия” концепциясы мурунку советтик Орто Азияны АКШнын көзөмөлү алдында Ооганстан жана Пакистан менен интеграциялаштырууну караштырат.
БОРБОРКОМдун командачысы Джозеф Вотел жана Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мурат Майкеев. Сүрөт central.asia-news.com сайтынан.
Америкалыктарча Борбордук Азиянын интеграциясында аскердик кызматташтык планында башкы ролду Вашингтон, генерал Дж. Вотелдин сөзү боюнча, Өзбекстанга берип жатат. Сөз Ооганстандан АКШнын аскер кызматкерлинин бөлүгүнүн кетүүсүнөн кийин жоопкерчиликти бирге “бөлүшүү” үчүн Өзбекстанды жана башка Борбордук Азиянын өлкөлөрүн ооган жаңжалына мүмкүн болушунча тартуу жөнүндө жүрүп жатат. Бул тууралуу башкы штабдардын башчыларынын конференцияда талкуулаган темалардын тизмеси да айтып турат.
Вашингтондо Ташкенке бөлүп жаткан өзгөчө көңүл тууралуу башкы штабдардын башчыларынын конференциясы менен катар эле болуп өткөн эки тараптуу саясий кеңешүүлөр күбөлөндүрөт. Америка тараптан ага АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча биринчи орун басары Элис Уэллс, өзбек тараптан ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов катышты. Ташкенттеги АКШнын элчилиги жарыяланган прессөрелизде өткөн жылдын майында Ш.Мирзиевдин АКШга болгон тарыхый сапарынан кийин эки тараптуу мамалелерде алдыга жылуу болгондугу, ал эми иш сарапдын өзү “стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы доорун” ачкандыгы тууралуу белгиленет. Ал акчада дагы байкалган: Э.Уэлсстин сөзү боюнча, Кошмо Штаттар Өзбекстанга 2016-жылдагы 10,1 млн доллардан 2018-жылы 28,1 млн доллар каржылык жардам берүүнү көбөйткөн.
АКШ региондун башка өлкөлөрү менен дагы аскердик байланыштарды жолго салууга аракет кылып жатат. 27-28-февралда БОРБОРКОМдун пландоо жана саясат боюнча директору АКШнын деңиз аскерлеринин корпусунун генерал-майору Э.Лэнгли Ташкенттен кийин Кыргызстанга барды. Бишкекте ал Башкы штабдын жана Улуттук гвардиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, ал үчүн кыргыздын ататйын багыттагы жоокерлеринин көндүмдөрүн көрсөтүүнү уюштурушкан.
АКШнын деңиз аскерлеринин корпусунун генерал-майору Э.Лэнгли. Сүрөт kg.usembassy.gov сайтынан
2014-жылдын июлунда АКШнын Борбордук Азиядагы жалгыз аскердик базанын Кыргызстандан чыгарылышынан кийин, америкалыктар ал жакка кайтып келүүнү абдан каалап турушат. Ал база Бишкектин жанындагы Манас аэропортунда жайгашкан эле. Азырынча бул иш алардын колунан анчалык келбей турат, Өзбекстандын дарегине чектен ашыра айтылган кошомат сөздөрүн кыргыз жетекчилери уккан эмес. Жогорку кызматты ээлеген америкалык генералдын республиканын жогорку саясий жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрү жөнүндө дагы айтылган эмес. Ошол эле учурда Ташкентте башкы штабдардын башчыларынын конференциясы башталардын алдында генерал Дж.Вотел менен перзидент Ш.Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрү болуп өттү.
27-февралда Элис Уэллс Ташкентте Дүйнөлүк эконмомика жана дипломатия университетинин студенттеринин алдында чыгып сөз сүйлөп жатып, Өзбекстан 1992-жылдан 2005-жылга чейинки ушул республикада иштеп жаткан америкалык Тынчтык корпусуна кайра кайтышы мүмкүн, андан Андижандагы башаламандыктардан кийин чыгууга аргасыз болгон эле деп билдирди. Орусияда Тынчтык корпусунун ишине АКШнын пайдасына чалгындоо ишин ишин жүргүзгөн деген айып боюнча 2002-жылы эле тыюу салынган.
Акыры 2018-жылы Өзбекстанда Америкалык кеңеш каттоодон өткөн, Э.Уэллстин сөзү боюнча республикадагы 2006-жылдан берки биринчи америкалык өкмөттүк эмес уюм болуп калды.
Мунун баары АКШнын Өзбекстандагы жалпы саясий кырдаалга таасир этүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Демографиялык басым, жогорку жумушсуздук жана исламчылардын басымынын шарттарында бул коопсуз эмес. Өзбек эли үчүн америкалыктарча интеграциянын пайдасы өтө эле күмөндүү.