АКШнын аскердик кемелери эми түндүк деңиз жолу боюнча жүрө алышпайт

6 марта 2019 АКШнын аскердик кемелери эми түндүк деңиз жолу боюнча жүрө алышпайт

Орусия Түндүк деңиз жолунда чет элдик кемелердин пайдалануусуна өзүнүн эрежелерин киргизген.

Орусия Федерациясынын өкмөтү Түндүк деңиз жолу боюнча чет элдик кемелердин жүрүү эрежесин иштеп чыккан.

Жүрүү үчүн арызды милдеттүү тартипте 45 сутка мурун бериши жана орусия тарапты Түндүк деңиз жолу боюнча жүрүү планы жөнүндө кабарландырышы керек. Мындан тышкары, Түндүк деңиз жолу боюнча жүрүү үчүн чет элдик аскердик кемелер бортко орусиялык лоцмандарды алууга милдеттүү болушат.

Ошол эле учурда Түндүк деңиз жолу боюнча жүрүү укугуна жол берилбеши да мүмкүн. Түндүк деңиз жолу боюнча санкцияланбаган учурда Орусия өзгөчө чараларды колдонушу мүмкүн, анын ичинде бузуучунун кемесин камакка алууга же жок кылууга чейин барат.

Эрежелер “Арктика аймагында түрдүү мамлекеттердин аскер-деңиз иши активдешкенинен” улам өкмөттүк документтерде иштелип чыккан. Белгиленген эрежелер соода кемелеринин жүрүүсүнүн жана экологиянын үстүнөн болгон контролду сактоого багытталган.

Эми, аскердик кемере өздөрүнүн планы жөнүндө 45 сутка мурун Орусияны кабарландырышы жана милдеттүү түрдө бортко орусиялык лоцмандарды алышы керек болот, деп белгилейт ТГ-канал "Газ-батюшка".

Булак: http://www.iarex.ru/news/64987.html?utm_source=smm-fb&fbclid=IwAR3ye_6wFZeHo8yV0dbGPwlqWC8vtpk2U3T4oeYnxWw_v-AWT8qInqwd56k