Март ортолоп калгандыгына байланыштуу – Дональд Трамп тарабынан белгиленген Кытай менен АКШнын ортосунда соода макулдашуусунун аягына чыгуусу үчүн акыркы мөөнөт болгондуктан, Пекин менен Вашингтон өз ара сүйлөшүүлөрдү күчөтө баштады. Бирок, кытай экономикасы чөйрөсүндө таанылган серепчи Пекин университетинин алдындагы Гуанхуа башкаруу институтунун финансы профессору Майкл Петтистин пикири боюнча жакында эле тараптар жетишкен макулдашуулар АКШга өзүнүн негзиги максатына – Кытавй менен болгон сооданын жетишсиздигин азайтууга жетүү үчүн эч кандай жардам бере албайт. Серепчи АКШнын соода жетишсиздигинин негизги себеби эмнеде, аны кантип азайтуу керектиги, дүйнөлүк соода үчүн Пекин менен Вашингтондун соода согушу эмнеге алып келери жана эмнеге Европа кытайдын технологиялык кубаттуулугунан анчалык коркпош керектиги тууралуу айтып берди.
- Петтис мырза, жакында эле АКШнын финансы министринин билдирүүсү боюнча, АКШ менен Кытай валюталык жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишкен. Пкин менен Вашингтон соода макулдашуусуна канчалык жакын? Бул соода согушунун аякташын билдиреби?
- Эки тарап тең соода макулдашуусуна жетишүүнү абдан каалап жатат деп ойлойм: Вашингтон – Трамптын элге берген убадаларын аткарышы керек болгондуктан, ал эми Пекин – кытай экономикасы олуттуу ички кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгынан улам. Ошондуктан, макулдашууга кандай болгон учурда деле, жада калса тараптар үчүн ал оптималдуу болбосо дагы, кол коюлмак.
Бирок, азыркы макулдашуу соода согушу аягына чыкты дегенди билдирбейт. Тескерисинче, азыркы глобалдуу соода режиминде, бир эле Кытай менен АКШнын ортосундагы эмес, олуттуу көйгөйлөрү бар.
Мисалы, АКШ акыркы ондогон жылдар бою ойноп келген ролун мындан ары ойной албай калды же ойногусу келбей калды, - тактап айтканда – дүйнөдө түмөнкү суроо таоап менен күйрөшүп келген “акыркы инстанциянын салып алуучусунун” ролунда болгусу келбей калды.
Штаттар бул ролдон кетип жаткандыгына байланыштуу, глобалдуу соода тутуму аргасыз ылайыктага баштайт. Биз карыздык мезгилдин башында гана турабыз деп ойлойм, анда глобалдаштыруу жарым-жартылай артка карай жүрө баштайт, ал эми соода схемалары – бир топ өзгөрөт.
- Кытай АКШдан өлкөлөр ортосундагы макулдашуунун алкагында болжолдуу 1,2 трлн долларга товар сатып алууга макул болду. Штаттар дагы ушундай эле кадамга бара алабы?
- Кошумча кытай сатып алуудары, эгер алар чын эле ишке аша турган болсо, өлкөлөр ортосундагы соода дисбалансынын кыскаруусуна таасир этет. Бирок, алар жалпысынын эки өлкөдөгү дисбаланска иш жүзүндө таасир эте албайт. Акыркы он жылдыкта соода дисбалансынын себеби капиталдык кыймылынын баланссыздыгы болуп келген, ал эми АКШ менен Кытайдын ортосундагы макулдашуу бул маселени жөнгө салууга эч кандай тиешеси жок.
Кытай топтомдору кытай инвестицияларын басып өтүп турган кезде, Пекин ашыкча аманаттарын дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө экспорттошу жана соода балансынын оң сальдосун колдоп турушу керек.
Кытай ашыкча аманаттарын АКШга экспорттоп жаткан учурда, Штаттардын соода балансы терс болот – анын үстүнө Кытай менен жүргүзгөн соодада гана эмес.
Штарттардын соода балансынын сальдосу акыркы элүү жылдын аралыгында терс болуп келген, бул бай алдыңкы экономикалардын сальдосу оң болушу керек деп айтылган сооданын бардык теорияларына каршы келет. Жада бул таңкыстык – капитал менен жүргүзүлгөн операцияцлардын профицитинин ажырагыс бөлүгү. Ал эми ал өз кезегинде АКШ алардын ашыкча аманатын ашап алуусун каалаган бүткүл дүйнө ушул фактына карманат.
Ошондуктан, эки тараптуу соода баланссыздыгына көңүл буруу жалпы эсеп менен болбогон неөрсе. Ал эми АКШнын соода сүйлөшүүчүлөрү эскирип калган соода моделдери менен иштешет.
Сентябрда менин китебим чыгат, анда эгер АКШ өзүнүн соода таңкыстыгын азайтууну кааласа, алар аны дүйнөнүн калган бөлүгү Штаттарга экспорттоп жаткан ашыкчча аманаттардын көлөмүн кыскартуу менен гана жасай алары жөнүндө айталат. Азыркы Кытай менен болгон соода макулдашуулары бул максатка жетпейт.
- Кытай-америка соода согушу глобалдуу экономикага жана Штаттар менен Кытайдын өздөрүнүн экономикасына кандай таасирин тийгизет?
- Азырынча соода согушунун таасири аз болот, бирок узак мөөнөттүү келечекте Вашингтон чыныгы көйгөй капитал менен жүргүзүлгөн операциялардын эсебинин дисбалансында экендигин көргөндөн кийин глобалдуу соода агымынын жана капиталдын агымынын бир топ артка кайтуусун көрөбүз деп ойлойм.
Бул жаман дегенди билдирбейт. Глобалдуу дисбаланстар 2008-2009-жылдардагы каатчылыктан негизги булагынин бир болгон деп ойлойм жана аларга артка карай жол бериш керек. Мындай терең соода дисбалансы өлкөдөгү ашыкча төлөө жана финансы каражаттары бар түзүмдүк алсыз ички суроо-талаптын жыйынтыгы болуп саналат (бул жерде эң айкын мисал – Германия жана Кытай). Ошондуктан, суроо-талапка түрткү берүү үчүн тездик менен карызды өстүрүп гана аларды чечүүгө болот.
Акыркы он жылдыкта дүйнөлүк экономиканын драйвери өсүп жаткан карыздын деңгңңли болуп келген, ал эми бул чексиз улантыла бербейт.
- Жакында эле АКШ Huawei кытай корпорациясын активдүү жаман көрсөтө баштады. Өткөн жумада Мамлекеттик катчы Майк Помпео Чыгыш Европага иш сапар менен барды, анын жүрүшүндө европа өлкөлөрүн Huawei менен кызматташууну токтотууга чакырды. АКШнын компанияга жөнү жок асулуусу эмне менен байланышкан?
- Чалгындоо органдарынын олуттуу кооптонуусу ири кытай компаниясы өлкөнүн коммуникациялык тутумунын негизги аспектилерин контролдоп жаткандан улам болсо керек деп ойлойм. Негизинен бул ири компаниялар Пекинге отчет берүүгө милдеттүү деп ойлошкондон жүрүп жатат. Мен технологиялык маселелерде серепчи эмесмин, бирок ушул эле маселе менен көптөгөн өлкөлөр тынсыздана баштаганын белгилей кетүү керек. Анын үстүнө АКШ Кытайды ички иштерге кийлигишти деп шексинген биринчи өлкө эмес, менимче Австралия биринчи болгон.
- Эмнеге ири европа оюнчулары – Улуу Британия, Франция жана Германия –эмнеге АКШнын Huawei менен байланышты үзүү чакырыгын колдогон жок? Штаттар Евро биримдиктеги союздатарын жоготуп жатабы?
- Менин түшүнүгүмдө, Huaweiге карата кооптонуу бул өлкөлөрдүн баарында бар, бирок алардын көпчүлүгү АКШ сыяктуу өздөрүн агрессивдүү алып жүрүүнү каалайпайт. Бирок, бул кооптонуулар убактылуу деп ойлойм.
Кийинки он жылдыктын аралыгында дүйнө кытай экономикасынын жана КЭРдин технологиялык инновациялардагы фундаменталдык алсыздыгынын терең көйгөйлөрү жөнүндө көп биле баштаганда бул кооптонуулар акырындап жоголо баштайт.
Бул мамиледе СССРдин 1950-1960-жылдардагы жана Япониянын 1980-жылдардагы тажрыйбасын карап көрүү пайдалуу. Эки учурда тең абдан окшош керектөөнүн ордуна карызга жана инвестицияга басым жасаган өсүү моделин пайдалануу менен, бул экономикалар өтө тездик менен өскөндөй сезилген, алдыңкы технологияларга көп салым жасашкан, аларды ошол учурда алдыңкы жана жетишкен деп эсептешчү. Ошол учурда баары бул өлкөлөр экономикалык жана технологиялык жактан АКШны ашып өтөт деп эсептешчү: СССРдин учурдунда 1980-жылдары жана Япониянын учурунда 2000-жылдары.
Бирок, ошол учурда СССР дүйнөлүк ИДӨнүн 15%на ээ болуп турган, ал эми Япония – 17%га, эки учурда тең баштапкы өсүү өтө чоң карыз менен жолго салынган. Жыйынтыгында глобалдуу ИДӨдө алардын үлүшү жыйырма жылдын аралыгында 60%дан ашык түшүп кеткен. Мындан тышкары, технологияларга салынган олуттуу инвестициялар экономикалык жактан төлөй албас болгон.
Ошондуктан, Батыштагы адамдар кытай коркунучу деген аталышка өтө күчтүү реакция жасап жатышы мүмкүн деп эсептейм. Кытай өтө тездик менен өсүп жатат, анын ИДӨсү бүгүнкү күндө глобалдуу ИДӨүн 15-16%ын түзөт. Бирок, акыркы он жылдыкта анын карызы тарыхтагы башка өлкөнүкүнө салыштармалуу тездик менен өскөн.
Кытайдын карызынын деңгээли бүгүнкү күндө өтө эле жогору жана дагы узак убакытка ошол эле темпте өсүүнү уланта албайт.
Пекин АКШ менен соода жаңжалына туш болгону үчүн өтө түйшөлүп жатат, анткени ал өзүнүн экономикалык өсүүсү канчалык туруксуз экендиги жөнүндө кыйла жакшы билери анык. Кытайдагы көпчүлүк экономисттер, иштерлер жана инвесторлор өтө эле пессимисттик маанайда. Ошондуктан, алар бул соода жаңжалы тез арада чечилүүсүн каалашат.