Октябрь райондук администрациясынын кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин бир жумушчусу өз ысымын атабастан билдирди.
26 мая 2020Жалал-Абад облустук ИИБдин жана Ноокен райондук милициясынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү УКМКнын аймактык кызматкерлери менен биргеликте Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринен уюшкан кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган.
26 мая 2020Ушул жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа иштей баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирди.
26 мая 2020Бала бакчаларды ачуу үчүн өлкөдөгү кырдаал каралат. Эгер абал турукташып, тиешелүү органдар уруксат берсе, этап-этабы менен ача баштайбыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда айтты.
26 мая 2020Соттолгон саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова Польша мамлекетинде кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМинен билдиришти.
26 мая 2020Кыргызстанда өткөн суткада 35 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
26 мая 2020Эгер коронавирустун экинчи толкуну келе турган болсо, обочолонууга азыркыдай элдин баарын эмес, аялуу топту гана чыгаруу керек. Адистердин мындай пикирин РИА Новости жазды.
26 мая 2020Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, үлп эткен жел, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.
26 мая 2020Россиянын Соль-Илецк шаарынан Таласка барган 58 киши (экөө айдоочу) кечээ күндөн тарта дагы бир жума обсервация жайында кармалмай болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Таластагы координатору Айжамал Шамбетова билдирди.
25 мая 2020Маркумдун артында 74 жаштагы апасы, жубайы жана эки кызы калды. Ал көп жылдан бери Ош—Бишкек жолунда жүргүнчү ташып, үй-бүлөсүн багып келген.
25 мая 2020Ош–Бишкек жолундагы автокырсыктан төрт адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
25 мая 2020Бүгүн, 25-майда, Бишкекте коомдук транспорт ишин баштады. Алгачкы күнү андагы абал кандай болорун көрүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчысы үйүнөн "Дордой" базарына жетүү үчүн алгач маршруттук автобус, троллейбус андан соң автобуска отурду.
25 мая 2020Кыргызстанда өткөн суткада 30 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министриринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
25 мая 2020Дүйнөдө тузсуз тамактануу диетасы популярдуу болуп, өзгөчө ашыкча салмак таштагысы келгендер аны кармап жүрөт. Бирок туздун жетишсиздиги да ден соолукка олуттуу зыян алып келерин россиялык врач-диетолог Елена Соломатина Sputnik радиосунун эфиринен айтып берди.
25 мая 2020Тажикстан тарап ар кыл комментарийлер менен эки мамлекеттин чек арасындагы абал боюнча кырдаалды курчутууга аракет кылбашы керек. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүү таратты.
25 мая 2020Биз күнөстүү жерде жашагандыктан бетке эрте эле бырыш түшө баштайт. Ар бир адам жаш көрүнүүнү каалайт эмеспи, мындан улам териге кам көрүү тууралуу да айтып берүүнү туура көрдүк.
24 мая 2020Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
24 мая 2020Кыргыз-тажик чек арасында аскерлер кайрадан атышканын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
24 мая 2020Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу керектигин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
22 мая 2020Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондор көп болгондугу үчүн оору азайбай жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
22 мая 2020Кылмышка шектүү аралаш мушташ боюнча турнирлерге катышып келет. Каза тапкан 29 жаштагы эркектин артында эки баласы калды.
22 мая 2020Кыргызстанда бүгүн 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
22 мая 2020Кыргызстанда жылкылардан эч кандай оору чыккан жок. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция билдирди.
22 мая 2020Бейшемби, 21-май күнү, Кыргызстанда доллардын баасы улам төмөндөп жатат. Бул тууралуу Valuta.kg порталындагы саат 15:00гө карата маалыматка таянып айтсак болот.
21 мая 2020Кыргызстанда бүгүн 43 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттыксактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
21 мая 2020Франциянын Долина-Луар аймагындагы чоң атасынын үйүнө карантинди өткөрүүгө келген балдар эски шейшептердин арасынан баасы болжол менен 100 миң еврого барабар эки килограммдык уютулган алтын таап алышкан. Бул тууралуу РИА Новости BFMTV телеканалына шилтеме берип жазды.
21 мая 2020Сиз айдоочусуз. Жолдон кайгуул кызматкерлери тосту дейли. Дароо эле оюңузга эмне келет? Көбүндө "кайсы жерден жол эрежесин бузуп жибердим?" деген суроо туулса керек. Бирок кайгуулчулар жол эрежесин бузган учурда эле эмес, башка да ар кандай себептерден улам токтотуп калышы ыктымал. Ушул маалда жаралчу суроонун баарына жооп алууга аракет кылдык.
20 мая 2020Экономика министрлиги мамлекеттик кызматкерлерге мүлк жана кирешелерин адалдаштыруу үчүн мунапыс берүү мыйзам долбоорун сунуштады.
20 мая 2020Социалдык тармактарда Россиянын Соль-Илецк шаарынан алып келинип, "Семетей" обсервациясында чыр-чатактан кийин чыгарылгандар Таласка барганда күч менен карантинге алынган видео тарады.
20 мая 2020Тамактын курамында кайра иштетилген азыктар канчалык көп болсо, ал ошончолук клеткаларды бат карытат. Бул тууралуу La Vanguardia басылмасына таянып РИА Новости жазды.
20 мая 2020Өлкө аймагында бүгүн 27 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
20 мая 2020Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан обсервацияга убактылуу жайгаштырылган жарандарга күнүнө үч жолу ысык тамак берилип жатат. Бул тууралуу ӨКМ Facebook баракчасына жазды.
20 мая 2020Мындан улам бүтүрүүчү класстардын жана алардын ата-энелеринин түшүнбөгөн суроолору көп экен. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттиги топтоп, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековадан жооп алууга аракет кылды.
19 мая 2020Эгер өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташып калса, бала бакчалар июнь айынан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.
19 мая 2020