Ош–Бишкек жолунда автоунаа тик ылдый кулап, төрт киши көз жумду. Сүрөт

25 мая 2020 Ош–Бишкек жолунда автоунаа тик ылдый кулап, төрт киши көз жумду. Сүрөт

Ош–Бишкек жолундагы автокырсыктан төрт адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Көк-Бел ашуусунда болгон.

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 31 жаштагы жашоочусу Honda Odissey автоунаасы менен Бишкекти көздөй бара жаткан. Автокөлүктү чукул бурулуштан башкара албай, жол четинен 150-200 метр тик ылдыйга түшүп кеткен.

Анын кесепетинен Кыргыз-Ата айылынын үч тургуну жаракат алып, Кара-Көл шаарынын аймактык ооруканасына түшкөн.

Айдоочу жана жанындагы үч адам каза болгон. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаракат алгандар:

Кыргыз-Ата айылынын 20 жаштагы тургуну Т.А.;

Кыргыз-Ата айылынын 18 жаштагы тургуну Р. уулу Р.;

Кыргыз-Ата айылынын 22 жаштагы тургуну К. кызы А.

Айдоочуну кошпогондо, каза болгондордун экөө эркек киши, бирөө аял болгон. Алардын ким экени азырынча тактала элек.

sputnik