Садыр Жапаровдун эжеси Польшадан кармалды

26 мая 2020 Садыр Жапаровдун эжеси Польшадан кармалды

Соттолгон саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова Польша мамлекетинде кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМинен билдиришти.

Ал Интерпол аркылуу мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Учурда Башкы прокуратура Жапарованы мекенине экстрадициялоо маселесин карап жатат.

Райкүл Жапарова "Ысык-Көл" инвестициялык банкынын башкармалыгынын төрайымы болгон.

2010-жылкы апрель окуясынан кийин укук коргоо органдары бир нече жарандын арызы менен кылмыш ишин козгогон. Анда мурдагы президенттин баласы Максим Бакиев башында турган топ аталган банкты рейдерлик жол менен тартып алгандыгы айтылган эле.

Жергиликтүү ЖМКлар анда Максим Бакиев банк кызматкери Райкүл Жапарованын жардамы менен ишкананы мыйзамсыз менчиктеп алганын жазышкан. Кийин аны төрайым кылып шайлашкан.

Жапарова Кыргызстанда 2015-жылы сыртынан соттолгон. Жапаровага мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу, шылуундук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айыптар тагылган.

sputnik