Бала бакчалар 1-июндан тарта иштей баштайбы? Министрликтин жообу

26 мая 2020 Бала бакчалар 1-июндан тарта иштей баштайбы? Министрликтин жообу

Бала бакчаларды ачуу үчүн өлкөдөгү кырдаал каралат. Эгер абал турукташып, тиешелүү органдар уруксат берсе, этап-этабы менен ача баштайбыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда айтты.

Эске салсак, буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өлкөдө коронавирус боюнча абал жакшырса, 1-июндан тарта бала бакчалар иштей баштаарын айткан.

"Билим берүү министрлиги мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик бала бакчалар боюнча мониторинг жүргүздү. Натыйжада республика боюнча 9000ге чукул баланы азыр бакчага жиберүүгө ата-энелери макул болду. Бөбөктөрдүн коопсуздугу биринчи кезекте болгондуктан, бакчалардын иши тиешелүү кызматтардын уруксатынан кийин гана жанданат", — деди Жусупбекова.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1468ге жетти. Андан 1015 бейтап айыгып, он алты киши каза тапты.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

sputnik