Бетиме жайылган кан, такси менен жеткирген шаардык аба. Абитуриенттин ак жарыгы

26 мая 2020 Бетиме жайылган кан, такси менен жеткирген шаардык аба. Абитуриенттин ак жарыгы

Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, үлп эткен жел, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Бүгүн "Ак жарык" рубрикасында баяндалчу окуя 18 жыл мурда болгон экен. Курбумдун башынан өткөн окуяны окурмандар менен бөлүшүп коюуну чечтим.

— Бул окуя жыл сайын абитуриенттер шаарга келе баштаган кезде эске түшөт. 18 жыл мурда мен да ошолордой болуп, абасы салкын, тоо койнунда керилип жаткан Нарындан мен үчүн өтө эле кымгуут сезилген Бишкекке окууга тапшырганы келдим. Мектепти артыкчылык диплом менен аяктагандыктан, бул жакта окууга тоскоолдуксуз өтүп кеттим. Айылда атам кичинекей бөбөктөрүм менен калгандыктан, апам мени туугандардыкына таштап, тез эле Нарынга кетип калды. Ал кезде окууга кабыл алынган студенттерди университетке 10-15 күнгө практикалык иштерге чакырышчу.

Бир күнү түшкө маал окуу жайга жөнөдүм. Ошондогу кийимим али күнчө эсимде. Бишкек, июль айы... А менин бутумда ботас, үстүмдө айылдан кие келген калың жинсы шым менен болгондо да кара трикотаж кофта. Үйдөн чыгаарым менен эле ысыктан демим кысыла баштады. Киев менен Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөлөрүнүн кесилишинен бир-эки жолу өзүм жалгыз барганымда "Ош базары" деген жазуусу бар маршруткага түшкөн элем. Улуттук университетинин башкы корпусуна баруу үчүн филармониянын жанынан түшүп калчумун. Кайра эле ошондой жазууларды издеп отуруп, акыры бирөөгө отурдум. Бирок мурда 15 мүнөттө жетчү жерге такыр жетпей койдук. Алаңдап ар кайсы жакты карап коем, эмнегедир эч нерсеси окшошпойт. Бир маалда шаардын четине чыктык дагы, кишилердин баары түшүп калышты. Айдоочудан "Ош базарга барасыңарбы?" десем, ал "биз азыр Асанбайдабыз. Түшүп жатканда сурабайт белең?" деп күлүп койду. Айтор, туура эмес отуруп алыпмын. Ошентип,  шалпайган бойдон андан түшүп, артка кетчү маршруткага отурдум. Адашып калганым үчүн туталанып, бирөө бирдеме десе ыйлап ийчүдөй болуп калдым. Анын үстүнө суусаганымдан тамагым кургап, катуураак кыймылдап койсом көзүм караңгылайт... Суу алып ичейин десем, колумда жол киреден башка акча жок.

Кийинки маршруткага отуруп, 2-3 аялдама өткөндөн кийин мурдумдан шорголоп кан агып кетти. Айласыздан жүз аарчы издегенсип сумкамды чукулап калдым, бирок ал жок экенин билчүмүн, жөн эле ыңгайсыз абалда калганымды эч кимге билдиргим келген жок.

Ошол замат жаңы эле маршруткага түшүп, арыраак жакта турган киши өзүнүн жүз аарчысын суна койду. Андайды күтпөгөн жаным алайып карап калсам, "таза, мен колдоно элекмин" десе болобу? Мен анын таза, таза эмес экенин кайдан ойломок элем, иши кылып канды бассам болду эле. Бирок анын мага кыз киши деп аздектеп, эркектин жүз аарчысын сунганына өзү бир аз ыңгайсыз болуп, таза эле деп актанып койгонун азыр ойлоп ыраазы болом.

Канды көргөндө ого бетер башым айланып, маршруткадан түшүүгө камынып калсам, жанагы киши мени менен чогуу сыртка чыкты. Чыканагыман жөлөп, аялдамадагы отургучка отургузуп, өзү ары жактан суу алып келди.

Суу ууртап, мурдумдун каны токтору менен өзүм кичине эс ала түштүм. Эми акыл токтотуп, тиги кишини карасам, атам менен куракташ немедей көрүндү. Шаарда туулуп-өскөн окшойт, колдору аппапак, өзү сылык-сыпаа. Азыр ал киши дарыгер болгон окшойт деп ойлоп коем. Бир нече мүнөттөн кийин кайсы жакка барарымды сурады. Улуттук университеттин башкы корпусуна десем, "мен дагы ошол тарапка барат элем, анда кыйналбай такси менен кетип калалы, мен төлөйм" деп сунуштады. Чынын айтканда бир аз чочуладым. Бирок шаардын кайсы жеринде экенимди билбесем, үйдөгүлөргө чалайын десем азыркыдай чөнтөк телефон кеңири тарай элек. Анын үстүнө жол кирем дагы жок калган.

Такси менен зуулдап, бир заматта окуу жайдын алдына келип түшүп калдым. Коштошуп жатып "Бар бол, карындаш. Жакшы оку, ысыкта жаныңа суу менен жүз аарчы ала жүр" деп бир жылмайып коюп, шарт эттире машинанын эшигин жаап, жолун улады.

Ошол адамдын сөздөрүн мээме бекем түйүп калган экенмин, азыр жайкысын суусуз сыртка чыкпайм. Көчөдө айылдан жаңы келген абитуриент көрсөм эле жардам бергим келе берет. Мен тарапты карабаса деле, адашып калган жокпу же бир окуу жайда издеп жүрөбү деп бушайман боло берем.

Мага жардам берген байкенин өң-келбети эсимде калган жок, азыр көрсөм, тааныбасым анык. Бирок ошондогу жакшылыгы үчүн ыраазымын. Мага жүз аарчысын сунуп койгону деле жетиштүү болчу. Бирок өмүрүндө биринчи жана акыркы ирет көрүп жаткан адамга ушундай мамиле кылган кишилер бар үчүн дүйнө жарык окшойт деп ойлоп коём. Бар болуңуз, байке!

sputnik