11-майдан тарта өлкөнүн айрым аймактарында жарыяланган өзгөчө абал режими соңуна чыгып, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.
12 мая 2020Жоокерлер учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.
12 мая 2020Бишкекте "Фрунзе" гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус табылды. Бул маалыматты 12-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
12 мая 2020Кечээтен баштап айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими алынып, ушу тапта өлкө өзгөчө кырдаал режиминде жашап жатат.
12 мая 2020Бир суткада айыккандардын 12си Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, үчөө Ош облусунан, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абад облусунан.
12 мая 2020Бир сутканын ичинде Кыргызстан боюнча 21 адамдан COVID-19 табылган. Анын жетөө Нарын облусунда катталды.
12 мая 2020Коронавирус эпидемиясы Максат Султакеевдин жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн. Алгач анын үй-бүлөсүнөн, тагыраагы, апасы экөөнөн COVID чыгып, бир жумага жетпей жакын адамынын өмүрүн алган. Султакеев апасын акыркы сапарга эл катары узата албай калганын айтып өксүдү.
11 мая 2020Коронавируска байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамендери жыл ичиндеги жетишкендиктерин эске алуу менен гана коюлат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
11 мая 2020Бишкекте бет кап тагынбай жүргөн жарандарга айып салына турганын калаа мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди.
11 мая 2020Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, өлкө экономикасын кризистен чыгаруу маселесин талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
11 мая 2020Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
11 мая 2020Бүгүн өлкө аймагында дагы 14 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
11 мая 2020Москва Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын жана СССРдин андагы ролун бурмалоого аракет жасаган АКШ менен “олуттуу сүйлөшүү” жүргүзүүнү ниеттенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жазды.
11 мая 2020Биринчи вице-премьер өзгөчө абал режими алынгандан кийин да өлкөдө бир катар чектөөлөр болорун билдирди.
11 мая 2020Зарыл иши бар адамдарга Бишкек шаарына жеке транспорту менен кирип-чыгууга уруксат берилиши керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
11 мая 2020Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
11 мая 2020Кытайлык окумуштуулар COVID-19 вирусун аны жуктуруп алган эркектердин уругунан табышты. Бул тууралуу JAMA Network Open медициналык журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.
8 мая 2020Бүгүн Кыргызстанда дагы 11 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
8 мая 2020Көп кабаттуу үйдө лифт менен подъезд коронавирусту жуктуруп алуу кооптуулугу жогору деген жерлердин бири. Бул туурасында биология илимдеринин доктору, Жорж Мейсон университетинин системалуу биология боюнча мектебинин профессору Анча Барановага таянып РИА Новости жазды.
8 мая 2020Москва мэри Сергей Собянин коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү 31-майга чейин узартты.
7 мая 2020Гитлердик армия Советтер Союзуна “бул жактагылар адам эмес, аларды аябастан атуу керек” деген ой менен чабуул койгон. Алардын мындай ой жүгүртүүсүнүн туура эмес экенин далилдөө үчүн миллиондогон киши өмүрү менен кош айтышты.
7 мая 2020Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
7 мая 2020Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдик иш-аракеттерге дал келген учурларды эске албаганда, бир дагы жарандан облус, шаар, район же айылга кирүүдө коронавируска тест тапшыргандыгы тууралуу маалымдама талап кылынбашы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
7 мая 2020COVID-19 вирусуна тест тапшыргандыгы тууралуу маалым кат Бишкекке кирип келе жатканда эч кимден талап кылынбайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык штабдан билдиришти.
7 мая 2020Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган милиция кызматкерлеринин жетөө Нарын облусунда иштеп жаткан. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
7 мая 2020Коронавирустун келип чыгышын изилдеп жаткан АКШдагы Питтсбург университетинин окумуштуусу Бин Люнун сөөгү табылды. Бул туурасында People журналына шилтеме берип, РИА Новости жазды.
7 мая 2020Бүгүн Кыргызстанда дагы 24 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
7 мая 2020Диванда жатып алып эле кайсы бир таблеткаларды ичүү менен иммунитет көтөрүлүп калбайт. Россиялык дарыгер Евгений Комаровский иммунитетти чыңдоонун шарттарын тизмектеп, анын айткандарын РИА Новости жарыялады.
7 мая 2020Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө жаткан бейтап балдардан, аларды караган энелерден жана медиктерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев кабарлады.
7 мая 2020Борбор калаада автоунаа өрттөнүп кетти. Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.
7 мая 2020Министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдарын жалпысынан 10,6 миллиард сомго кыскартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев онлайн режиминде өткөн өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.
6 мая 2020Ош шаарына жети жерге кайра кошумча блокпост коюлуп, тартип катуулады. Бул тууралуу Ош шаардык комендатуранын маалымат кызматынын башчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.
6 мая 2020Адамзат оңой эмес убакытты күтүп жатат. Бул дүйнө коомчулугу бир убакта бир канча олуттуу жагдайды башынан өткөрүп жатканы: Жакынкы Чыгыштагы согуш, олуттуу финансылык каатчылык, нефтегаз согушу, пандемия жана мунун бары климаттык өзгөрүүгө байланыштуулугу менен түшүндүрүлөт.
6 мая 2020Бишкекте бир-эки жуманын ичинде коронавирустун экинчи толкуну жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
6 мая 2020