Гитлердик армия Советтер Союзуна “бул жактагылар адам эмес, аларды аябастан атуу керек” деген ой менен чабуул койгон. Алардын мындай ой жүгүртүүсүнүн туура эмес экенин далилдөө үчүн миллиондогон киши өмүрү менен кош айтышты.
Sputnik агенттигинин видеоинфографикасынан Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги ата-бабалардын эрдиги жөнүндө билип алыңыз. Анда фашисттердин Азия элине кандай мамиле жасаганы жана Кыргыз ССРи жалпы жеңишке кандай салым кошкону баяндалат. Бул үчүн көп нерсе жасалган.
Согуш башталган 1941-жылы Советтик Кыргызстанда бир жарым миллион адам жашаган. Ар бир төртүнчү кыргызстандык фронтко кетип, дээрлик 100 миң киши көз жумган.
Көптөгөн кыргыз жоокерлеринин ысымы совет элинин эсинде түбөлүккө калат. Маселен, Кызыл армиянын 20 жаштагы жоокери Чолпонбай Түлөбердиев төшү менен пулеметту тоссо, учкуч Исмаилбек Таранчиев күйүп жаткан самолетун душмандын кылкылдаган танкаларын көздөй багыттаган.
Жоокери согуш отун кечип, кан майданда эл-жерин коргоп жаткан Кыргызстан фронтко жардам берүү үчүн бардык аракетин көрүп жатты. Миңдеген аял эркектердин ордунда станоктордо, талааларда, жада калса шахталарда иштеди. Кыргызстан фронтко көмүр, коргошун, мунай жана азык-түлүк жөнөтүп турган.
Республикага Украина, Россия жана Белоруссиядан заводдор эвакуацияланып, иштей баштаган. Жалпысынан өлкөгө 38 ири ишкана көчүрүлүп, аларда сымап, металл буюмдары, кездемелер, дары-дармек, бут кийим, кант өндүрүлгөн.
Согуш жылдарында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 22 пайызга жогорулап, металл иштетүү тармагында көрсөткүчтөр 3,5 эсеге, машина куруу 10 эсеге өскөн. Республика электр энергиясын 1,5 эсе көп иштеп чыга баштаган.
Фабриканын жумушчулары үйүнө кеч кайтышчу. Бирок аялдар түнкүсүн эс албастан жоокерлерге ичик, мээлей тигип, моюн орогуч токушкан. Кыргыз аялдарынын колунан жасалган жылуу кийимдер вагондор менен фронтко жөнөтүлгөн.
Онлайн-режимде "Өлбөс полк" акциясына катышыңыз, жол-жобосу да көрсөтүлгөн.