Кыргызстанда бүгүн 11 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

8 мая 2020 Кыргызстанда бүгүн 11 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Бүгүн Кыргызстанда дагы 11 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда үч, Жалал-Абад облусунда үч адамдан табылды. Арасында эки медицина кызматкери бар. Ушуну менен өлкө боюнча жуктуруп алгандардын жалпы саны 906га жетти", — деди Үсөнбаев.

Бүгүнкү күндө 650 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды. Коронавирус табылган медицина кызматкерлеринин саны 226 болсо, анын 163ү сакайып ишине кайткан.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот. 

sputnik