11-майдан тарта ишке кире турган ишканалардын тизмеси

11 мая 2020 11-майдан тарта ишке кире турган ишканалардын тизмеси

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, эртең, 11-майдан тарта, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими аяктап, өзгөчө кырдаал режими уланат.

11-майдан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:

Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:

микрофинансылык уюмдар;

камсыздандыруу компаниялары;

ломбард;

акча алмаштыруу пунктулары;

кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;

туристтик агенттиктер;

адвокаттык кызматтар;

басма кызматтары.

Калкты тейлөө кызматтарынан:

сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;

тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;

химтазалоо.

Соода чөйрөсүнөн:

курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;

автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;

тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;

автосалондор – авторыноктордон сырткары.

Ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын ишине дагы уруксат берилет.

sputnik