Бирөө Дубайдан, экөө Россиядан келген. Бүгүн дагы 21 адамдан коронавирус чыкты

12 мая 2020 Бирөө Дубайдан, экөө Россиядан келген. Бүгүн дагы 21 адамдан коронавирус чыкты

Кечээтен баштап айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими алынып, ушу тапта өлкө өзгөчө кырдаал режиминде жашап жатат.

Кыргызстанда бүгүн дагы 21 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын 10у Бишкекте болсо, бирөө Чүйдө, үчөө Жалал-Абадда, жетөө Нарын обулусунда. 21 кишинин экөө Россиядан, бирөө Дубайдан келген", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1037 болду.


https://sputnik.kg/society/20200512/1048256380/koronavirus-zhukturgandar.html