Кыргызстанда дагы 24 кишиден коронавирус аныкталды

7 мая 2020 Кыргызстанда дагы 24 кишиден коронавирус аныкталды

Бүгүн Кыргызстанда дагы 24 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен жалпы өлкө боюнча 895 учур болду.

"Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда төрт, Ош облусу менен Жалал-Абадда үчтөн, Нарында 12 кишиден коронавирус табылды. булардын арасында үч медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.

Жалпы жонунан 637 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ушу тапта Кыргызстанда кырдаал кандай болуп жатканын тексттик трансляциядан билүүгө болот. 

sputnik