Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмдик иш-аракеттерге дал келген учурларды эске албаганда, бир дагы жарандан облус, шаар, район же айылга кирүүдө коронавируска тест тапшыргандыгы тууралуу маалымдама талап кылынбашы керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Ал ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары штаб кабыл алган чечимдерди толук аткарышы керектигин белгиледи.
“Ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик алат. Ошол эле учурда жоопкер жактар штабдын чечимдерине карама-каршы келген ашыкча алдын алуу чараларга жана өзү билемдикке жол бербеши керек. Чечимдер объективдүү, колдо болгон шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө ылайык кабыл алынып, кандайдыр бир коррупциялык тобокелдиктерге шарт түзбөшү зарыл. Мындай окуяларга экинчи жол берилбесин”, — деди Боронов.
Биринчи вице-премьер айылдардагы жергиликтүү бийлик органдарынын же жергиликтүү тургундардын чечими боюнча орнотулган карантиндик посттордун ишине дагы көңүлүн бурду.
“Айылдардагы карантиндик постторго байланыштуу көптөгөн нааразычылыктар жана арыздар түшүүдө. Посттор аркылуу айылдарды аралап өтүүдө жарандарды кармап, өткөрбөй жаткан учурлар бар экен. Райондордун акимдери укук когоо органдары менен биргеликте посттордун ишин тартипке келтирүүсү зарыл. Керек болгон учурда алардын ишине тийиштүү көзөмөл жүргүзүү үчүн милиционерлер тартылсын”, — деди Боронов.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирип-чыгууга тыюу салынган болчу. Мындан сырткары, аталган аймакка кирерде жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылынган. Бирок анализди жеке клиникалардан тапшыруу баасы 2000 сомдон жогору болгондуктан эл арасында нааразычылык жаралган. Ал эми Республикалык штаб чечим макулдашылбай чыгарылганын маалымдап, облус башчысына эскертүү берилген.