Бишкек: COVID-19 "Фрунзе" дүкөнүнүн сатуучусунан табылды

12 мая 2020 Бишкек: COVID-19 "Фрунзе" дүкөнүнүн сатуучусунан табылды

Бишкекте "Фрунзе" гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус табылды. Бул маалыматты 12-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Бишкектеги Vefa соода борборунун "Фрунзе" гипермаркетинин сатуучусу коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чынбы?" деген суроого ал:

"Ал өзү кайрылган бейтаптардын бири. Оорунун белгилерин байкап, Санэпидкөзөмөл борборуна кайрылган экен. Ошол жерден лабораториядан текшергенде тастыкталган. Азыр ооруканада дарыланып жатат".

Министрликтин маалыматына караганда, ошол гипермаркетте иштеген кызматкерлердин баарынын анализи алынып, медициналык көзөмөл жүрүп жатат.

Коронавируска байланыштуу шаардагы айрым дүкөндөр жабылып, ири маркеттер гана үзгүлтүксүз иштеп жатат. Оору чыккан алгачкы мезгилде анда иштегендер, кассадагы сатуучулар беткап, атайын костюм кийип чыгып жатышкан. Бирок соңку кездери андай коргонуу чаралары көрүлбөй калган.

https://www.azattyk.org/a/30607054.html