11 мая 2020
Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү болот. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Адатта Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет.
Былтыр Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келген.
Орозо айында Кыргызстандын бардык облустары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Sputnik даярдаган календардан көрүңүздөр.