Кыргызстанда коронавирустан 21 бейтап айыкты. Жалпы саны 709 болду

12 мая 2020 Кыргызстанда коронавирустан 21 бейтап айыкты. Жалпы саны 709 болду

Бир суткада айыккандардын 12си Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, үчөө Ош облусунан, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абад облусунан.

Кыргызстанда бир суткада 21 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, сакайгандардын саны 709га жетти.

"Айыккандардын 12си Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, үчөө Ош облусунан, экөө Нарындан, бирөө Жалал-Абад облусунан", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус 1037 адамдан аныкталды. Анын ичинен 709у айыгып, 12си көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

https://sputnik.kg/society/20200512/1048256692/kyrgyzstan-koronavirus-ajykkandar.html