Шаардагы коомдук транспорт 25-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.
19 мая 2020Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин “Альфа” командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө тиешелүү социалдык тармактарга жарыялаган маалыматтары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
19 мая 2020Республикалык штабдын планы боюнча, 21-майдан тарта соода тармагы жанданып, соода борборлору иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
19 мая 2020Кыргызстанда бүгүн 27 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
19 мая 202024-май, жекшемби күнү, Орозо айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
19 мая 2020Баткен шаарындагы "Салам" радиосунун директору, журналист Улукбү Амирова бүгүн, 18-май күнү, каза болду. Маалыматты жакындары тастыктады.
19 мая 2020Кыргызстандыктар алдыдагы 23, 24, 25-май күндөрү үч күн бою эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмут Ойтемиров билдирди.
19 мая 2020Чүй облусундагы (“Манас” аэропортунун жака-белинде) “Ганси” обсервациясында жаткан бир топ адам чогулуп жаңжал чыгарды.
18 мая 2020Кыргызстанда бүгүн 78 кишиден коронавирус табылганын брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
18 мая 2020Региондорго, айрыкча Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объектилерде эмгектенгендер гана келе алышат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында билдирди.
18 мая 2020Бишкектен Москвага 400дөй россиялык жаран "Аэрофлоттун" чартердик каттамы менен учуп кетти. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун сайтында маалымдалды.
18 мая 2020Sputnik Кыргызстан агенттиги сообу миң айга тете делген түндү кантип туура өткөрүп, кандай иш-аракеттерден оолак болуу керектигин диний адистерден сурап көрдү.
18 мая 2020Ат-Башы районунда коронавирус жуктуруп алган 77 кишинин ичинен ооруканада жети эле бейтап калды. Бул тууралуу аталган райондун акими Нурбек Сатаров брифинг учурунда билдирди.
15 мая 2020Баткенде үстүбүздөгү жылдын башынан 1-майга чейин 42 бажы эрежесин бузуу катталган. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдырахманов брифинг учурунда билдирди.
15 мая 2020Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус аныкталган эки бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
15 мая 2020Бүгүн Кыргызстанда дагы 29 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
15 мая 2020Казакстандын Түркстан облусундагы нөшөрлүү жамгырдан улам үйлөрдү суу каптап жатканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
15 мая 2020Бул маалыматты экономика министри Санжар Муканбетов бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып билдирди.
14 мая 2020Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы жана уулу аны менен жолугушууга уруксат сурап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылышты. Бул тууралуу 14-майда Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, азырынча жооп боло элек.
14 мая 2020Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды. Алардын абалы канааттандырарлык.
14 мая 2020Төрага менен эл өкүлдөрү бир нече убакытка чейин жаакташып, биринин артынан бири ар кандай сөздөрдү айтып жаткан.
14 мая 2020Эл өкүлдөрү спикерге фонддогу акчалардын пайдаланылышы жана кызматка дайындоо боюнча бир топ суроолорду узатышкан.
14 мая 2020Депутаттын пикири боюнча коронавирус да, контрабанда дагы элге бүт жагынан зыян келтирген оору болууда.
14 мая 2020Буга чейин ЖМКлар Абдулманап Нурмагомедов коронавирусту жугузуп алды деп шектелип жаткандыгын жазып чыгышкан. Кийинчерээк ал вируска тест тапшырганын билдирип, бирок жыйынтыгы тууралуу айтылган эмес.
14 мая 2020Ушуну менен COVID-19 аныкталган медкызматкерлердин саны 247 болду. Анын 192си ооруканадан айыгып чыккан.
14 мая 2020Коюлган чектөөлөргө, берилген эскертүүлөргө карабай ишин жандантып алгандар, көчөдө ээн-эркин жүргөндөр кездешип жатат.
14 мая 2020Бишкек шаарындагы карантиндик чектөөлөргө карабай “Беш-Сары” соода борбору ачылып, иштеди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
14 мая 2020Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев өкмөттүн ишин мактадыңыз деген тейде төрага Дастан Жумабековго сөз ыргытты.
13 мая 2020“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев келет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.
13 мая 2020Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөттүн отчетуна Сингапурдун мурдагы премьер-министри Ли Куан Ю менен Малайзиянын экс-премьер-министри Махатхир Мохамад суктанчудай болгонун айтып какшыктады.
13 мая 2020Бүгүн Кыргызстанда жети кишинин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдири.
13 мая 2020Бишкекте өзгөчө абал режими алынары менен кыймыл жанданды. Анткени айрым ишкана, уюмдар бийликтин уруксаты менен ишин башташкан. Бирок чектөө чаралары толугу менен алына элек, дагы бир топ мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгү азырынча токтоп турат.
13 мая 2020Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев активист Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
12 мая 2020“Саясий репрессияга каршылык комитети” деп аталган коомдук уюм өлкө бийлигине кайрылып, абактардын абалына көңүл бурууга чакырды.
12 мая 2020