Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин “Альфа” командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө тиешелүү социалдык тармактарга жарыялаган маалыматтары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Көзөмөл органынын маалыматына караганда, жакынкы күндөрү айрым ЖМКларга “Альфа” командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүрдү? Күбөлөрдүн көрсөтмөсү” жана “Кой-Ташка Атамбаевди кармоо операциясына катышкан “Альфа” отрядынын мүчөлөрүнүн көрсөтмөсү” деген макалалар жарыяланган.
Ошондой эле адвокат Замир Жоошев өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына “айрым ЖМКлардагы Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин куралынан көз жумгандыгы тууралуу маалымат калп” деп жазганы айтылат.
“Өз сөзүнө далил катары ал УКМКнын “Альфа” отрядынын айрым кызматкерлеринин Алмазбек Атамбаев менен анын жан сакчысы Канат Сагымбаевдин Ниязбековдун өлүмүнө тиешеси жок деген көрсөтмөлөрүн келтирген. Ал жазып, кийин айрым ЖМКлар көчүрүп алган маалыматтар чындыкка туура келбейт. Жактоочу көрсөтмөлөрдү толугу менен жарыялаган эмес”, — деп айтылат билдирүүдө.
Кийин алардын көрсөтмөлөрү толукталып, башка дагы тараптар суракка алынган. Мындан ташкары, бардык тиешелүү экспертизалар жүргүзүлгөн.
“Жыйынтыгында Ниязбековго тийип, өмүрүн алган ок СВД куралынан атылган 7.62 миллиметр калибрлүү патрон экени аныкталды. Бул курал Атамбаевге тиешелүү болгон”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Башкы прокуратура жактоочу Жоошев КР Жазык-процесстик кодексинин 160-беренесине ылайык, сот өндүрүшү учурунда алган маалыматты жалпыга таратууга укугу болбогонун жана бул тууралуу өзүнө маалым экенин кошумчалады.
Жоокердин өлүмү
Эске салсак, 2019-жылдын 7-августунда УКМКнын атайын даярдыктагы жоокери Үсөнбек Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда көкүрөк тушка ок жеп каза болгон. Тийген ок анын бронежилетин тешип өтүп, өпкөсүн жана жүрөгүн аралап кеткен.
8-августта мурдагы президент багынып берип, суракка алып келинген. Ушул эле күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, аларды укук коргоо органдары күч менен кубалап тараткан. Эки күндөгү чыр-чатактан жалпысынан 136 киши ар кандай жаракат алган.