“Саясий репрессияга каршылык комитети” бийликти абактардагы абалга көңүл бурууга чакырды

12 мая 2020 “Саясий репрессияга каршылык комитети” бийликти абактардагы абалга көңүл бурууга чакырды

“Саясий репрессияга каршылык комитети” деп аталган коомдук уюм өлкө бийлигине кайрылып, абактардын абалына көңүл бурууга чакырды.

Кайрылууда Кыргызстандын пенитенциардык системасына имараттардын ичинде жел жүрбөгөнү, медициналык жардам менен санитардык шарттын начардыгы, камакта отургандардын санынын ашыкчалыгы сыяктуу көйгөйлөр мүнөздүү экени, мындай жагдай жугуштуу оорулардын жайылышына алып келери айтылат.

“Жалпысынан ЖАМК (Жаза аткаруу мамлекеттик комитети) системасы – камакта отургандар, кызматкерлер, дарыгерлер коронавируска ачык комплекстүү текшерүүдөн өтүшү керек, анткени ал жакта бул вирус жуккан учур катталды. Ошондой эле тергөө абактарында отургандарга да көңүл буруу зарыл. Чуулгандуу саясий иштерди кароону да оорунун жайылуусу толук токтогончо коё туруу керек”.

Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкердин анализинен коронавирус табылганы 8-майда белгилүү болгон.

Кыргызстандык бир катар укук коргоочулар жана юристтер буга чейин бийликке кайрылып, абактарда коронавирус жайылса кесепети өтө оор болорун эскертишкен.

ЖАМК абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгонун, имараттарды дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын билдирип:

“Медициналык жайларда жана ооруканаларда обсервация бөлмөлөрү даярдалган, № 47 колонияда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган. Жөтөлгө каршы, дененин температурасын төмөндөтүүчү дары-дармек, витамин жетиштүү" деген.

Жалпысынан Кыргызстандын абактарында тогуз миңдей соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял.

Жакында кезектеги мунапыс тууралуу мыйзам күчүнө кирди.

Коронавируска байланыштуу соттук териштирүүлөр да бир айга жакын иштебей турду. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот уланууда. 

https://www.azattyk.org/a/30607063.html