Депутат Жолдошбаев: коронавирус менен контрабанда бир тууган экен

14 мая 2020 Депутат Жолдошбаев: коронавирус менен контрабанда бир тууган экен

Депутаттын пикири боюнча коронавирус да, контрабанда дагы элге бүт жагынан зыян келтирген оору болууда.

 Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып коронавирусту контрабандага салыштырды.

Ал вирус жуктургандар азайып жатканына карабай медиктердин айтканын аткаруу керектигин айтып өттү.

“Бул чатагыраак оору экен. Карасам коронавирус менен контрабанда бир тууган экен да. Себеби булар элге зыян кылат экен. Бирөө өпкөдөн, бирөө жалпы жонунан кармайт экен. Ошон үчүн “муну жеңип калдык, алдыга чыктык” дебей медицина кызматкерлеринин айткандарын бир-эки ай бою сакташ керек”, — деди Жолдошбаев.

Соңунда ал жарандарды чет өлкөгө эс алууга чыгарбай, Кыргызстандын ичиндеги Ысык-Көл жана башка жактарга жөнөтүүнү сунуштады.


 https://sputnik.kg/politics/20200514/1048283257/kamchybek-zholdoshbaev-koronavirus-kontrabanda.html