19 мая 2020
24-май, жекшемби күнү, Орозо айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
“Орто Азия мусулмандары үчүн эл аралык астрономиялык обсерваториялардын тажрыйбаларын пайдалануу менен 2020-жылдын 24-май, жекшемби күнү, Орозо айт майрамы деп белгиленди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ислам шариатында Рамазан айынын башталышы жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталары, орозо айы кээде 30 же 29 күн болору кошумчаланды.
sputnik