Карантин шартында Кыргызстандын экономикасы 80% төмөндөдү

14 мая 2020 Карантин шартында Кыргызстандын экономикасы 80% төмөндөдү

Бул маалыматты экономика министри Санжар Муканбетов бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатып билдирди.

«Карантин шартында экономикалык ишмердүүлүк басаңдады. Былтыркы төрт айга салыштырмалуу бардык тармактар төмөн көрсөткүчтөрдү гана көрсөттү», - деп билдирген министр учурда бир гана айыл чарба тармагы өсүш темпин көрсөтөт деген үмүт бар экенин кошумчалады.

Анын айтымында, өнөр жай ишканалары карантин шартында толук иш жүргүзө алган жок. Чек аралардын жабылышы товарларды экспортоого жана импорттоого терс таасирин тийгизди. Өнөр жай тармагы 4,7% чейин төмөндөшү күтүлүп жатат.

Ушул тапта Жогорку Кеңеш коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн өзгөртүү маселесин карап жатат. 

https://www.azattyk.org/a/30611682.html