Бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримов депутат болуп келет

13 мая 2020 Бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримов депутат болуп келет

“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев келет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алар мындан ары партиясынын күчүн бекемдеп, шайлоого даярдык көрө турганын айтышкан.

Партиянын кийинки тизмесиндеги талапкерлерге мандат берүү маселесин БШК эртең, 14-майда, карайт.

Шаршенбек Абдыкеримов учурда Улуттук олимпиада комитетинин башчысы. Ага удаа эле Күрөш федерациясын дагы жетектейт. Ошондой эле ал өлкөдөгү ири ишкер катары таанымал.

Ал эми Жаныбек Жоробаев мурда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун орун басары болуп иштеген. Салык кызматынын Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирти бар продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгын жетектеген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү быйыл 30-июнда аяктайт. Октябрь айында парламенттик шайлоо өтөт.

sputnik