Үй-бүлөм коркунучта! Депутат Жумалиев активист Жапыкеевдин үстүнөн арыз жазды

12 мая 2020 Үй-бүлөм коркунучта! Депутат Жумалиев активист Жапыкеевдин үстүнөн арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев активист Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Парламентарий өзүн Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери катары тааныштырган Жапыкеев соцтармактар жана медиаканалдар аркылуу анын мүлкү тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп даттанган. Мындан тышкары Жумалиевдин үй-бүлөсү мыйзамсыз жол менен миллиондогон байлык топтогону тууралуу айтып жатканына арызданган.

Ошондой эле ал Жапыкеев депутаттын мүлкүн мыйзамсыз түрдө тартып алууга чакырык таштап, аны менен катар ден соолугуна, үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын белгилеген.

Арыз Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү ("Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө үндөө") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

ИИМ тергөөчүлөр Сыймык Жапыкеевдин элге кайрылган видеосуна мониторинг жүргүзүп, ал Жумалиевди ири коррупционер, көп жыл бою мамлекеттик кызматта гана иштеп, нечендеген миллион долларга бааланган мамлекеттин мүлкүн уурдап же өзүнө ыйгарып алганы боюнча айтканын көргөн.

"Жапыкеев элге чогулуп, Жумалиевдин үйүнө барып мыйзамсыз түрдө тартып алган мамлекеттик мүлктү кайтаруусун мажбурлоону сунуштаган. Ал акчага Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө керектигин айткан", — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Кубанычбек Жумалиев Аскар Акаевдин бийлиги тушунда жогорку кызматтарды ээлеген. 1998-жылы өлкөнүн премьер-министри болгон.

sputnik