Өлкөдө 27 адам коронавируска кабылды. Соңку маалымат

19 мая 2020 Өлкөдө 27 адам коронавируска кабылды. Соңку маалымат

Кыргызстанда бүгүн 27 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ушуну менен коронавирус аныкталган учурдун жалпы саны 1243 болду.

"Бишкек шаарында алты кишиден вирус чыкты, буларга Санкт-Петербургдан келген бир адам кошулду. Чүйдө Соль-Илецкиден келген үч мекендеш дарыланууга жаткырылды. Мындан тышкары, Нарында 11, Ош облусунда алты кишиден табылды", — деди Үсөнбаев.

Өлкөдө үшу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

sputnik