Дагы алты медик вирус жуктуруп, жалпы саны 247ге жетти

14 мая 2020 Дагы алты медик вирус жуктуруп, жалпы саны 247ге жетти

Ушуну менен COVID-19 аныкталган медкызматкерлердин саны 247 болду. Анын 192си ооруканадан айыгып чыккан.

Акыркы суткада медицина кызматкерлеринин арасынан коронавирусту жуктурган алты учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

“Алардын бешөө Бишкек шаарында, бири Ош шаарында иштейт”, — деди Каратаев.

Ушуну менен COVID-19 аныкталган медкызматкерлердин саны 247 болду. Анын 192си ооруканадан айыгып чыккан.


 https://sputnik.kg/society/20200514/1048283002/dagy-alty-medik-virus-zhukturup.html