Нарында COVID табылган 15 адамдын көбү жаңы төрөгөн келиндер

14 мая 2020 Нарында COVID табылган 15 адамдын көбү жаңы төрөгөн келиндер

Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды. Алардын абалы канааттандырарлык.

Акыркы суткада Нарын шаарында 15 кишиден COVID-19 аныкталып, анын сегизи жаңы төрөгөн аялдар болуп чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15 учурдун бирөө медицина кызматкери болсо, сегизи жаңы төрөгөн аялдар, калган алтоо туугандары менен байланышта болгондор.

"Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды. Абалдары канааттандырарлык. Облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн сегиз аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып, персонал алмашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Жалпысынан облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө 11 медицина кызматкеринин (акушер, медайым, санитардык кызматкерлер) коронавирус жуктурганы айтылды.

Нарын облусунда коронавирус кулач жайып баратат. Акыркы суткада дагы бул аймакта 15 кишиден вирус аныкталып жалпы саны 152ге жетти. Мындан улам Бишкектен аталган аймакка медиктердин тогузунчу тобу жөнөтүлдү. 

Коронавирустун кесепети

Жалпы Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1082ге жетти. Анын ичинен 735и айыкса, 12 адам көз жумган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

 https://sputnik.kg/society/20200514/1048290546/naryn-koronavirus-zhany-torogon-ayal.html