13 мая 2020
Бүгүн Кыргызстанда жети кишинин коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдири.
Анын айтымында, жаңы учурлардын баары байланышта болгондор.
"Коронавирус аныкталган адамдардын бири айдоочу. Ал кесиптеши менен Өзгөнгө келген. Текшергенде коронавирус табылган. Бир үй-бүлөдө үчөө жуктуруп алган учур да катталды", — деди Үсөнбаев.
Ушуну менен жалпы жонунан 1 044 учур катталды.
Учурда өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот