Бишкек шаарындагы карантиндик чектөөлөргө карабай “Беш-Сары” соода борбору ачылып, иштеди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
"Бишкек шаарында санитардык-карантиндик эрежелерди бузуп иштегендер көп аныкталууда. Атургай бүгүн “Беш-Сары” соода борбору уруксат берилген ишкана эместигине карабай эшигин ачты”, — деп айтылат билдирүүдө.
Мэриянын маалыматына караганда, ал текшерүү иштеринен соң эле дароо жабылды.
Текшерүү органдары Бузуулар кодексинин 150-беренесине (“Коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу”) ылайык, борбордун жетекчилигине 5 миң сом айып салды.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1044кө жетти. Анын ичинен 726сы айыкса, 12 адам көз жумган.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.