Журналист Улукбү Амирова каза болду

19 мая 2020 Журналист Улукбү Амирова каза болду

Баткен шаарындагы "Салам" радиосунун директору, журналист Улукбү Амирова бүгүн, 18-май күнү, каза болду. Маалыматты жакындары тастыктады.

Маркум 42 жашта болгон. Ал 1977-жылы Баткен районунун Кара-Булак айылында төрөлгөн.

Сүрөт

Баткен шаардык кеңешинин депутаты жана мындан сырткары жеке ишкерлик менен да алектенип келген.

Артында бир уул, эки кызы калды.

Амирова кечээ, 17-май күнү, кан басымы көтөрүлүп, облустук ооруканага жаткырылган.

Анын сөөгү эртең саат 16:00дө Баткен районунун Кара-Бак айылында жерге берилет.

sputnik