Чекесинен сылап... Жээнбеков чек ара чырында жарадар болгон аскерлерди барып көрдү

12 мая 2020 Чекесинен сылап... Жээнбеков чек ара чырында жарадар болгон аскерлерди барып көрдү

Жоокерлер учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокерлери Мирбек Султанбек уулу, Манас Абдисаит уулу жана Чыңгыз Турдубай уулу учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Президент чек арачыларга колдоо сөзүн айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады. Ошондой эле өлкөгө ак ниет кызмат кылгандыгы жана мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Баткендеги окуя

8-майда кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы, бир жай тургун жаракат алган. Кийин алар Бишкектеги Улуттук госпиталга алып келинген.

Окуя боюнча эки өлкөнүн ТИМ башчылары, вице-премьерлери, облустагы өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүп, бир пикирге келишкен. Учурда дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик элчисине нааразычылык нотасын тапшырган.


https://sputnik.kg/society/20200512/1048257413/zhehehnbekov-zharadar-chek-arachylar-abal.html