Бишкекке кирип-чыгуу боюнча чектөөлөргө Республикалык штаб үн катты

7 мая 2020 Бишкекке кирип-чыгуу боюнча чектөөлөргө Республикалык штаб үн катты

COVID-19 вирусуна тест тапшыргандыгы тууралуу маалым кат Бишкекке кирип келе жатканда эч кимден талап кылынбайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык штабдан билдиришти.

Бирок “Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритминде жазылган айрым учурларда маалым кат талап кылынат” деп айтылат.

Эске салсак, калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова 11-майдан тарта дагы башка чектөөлөрдү киргизүү каралып жатканын билдирген. Анын айтымында, шаарга келе жаткандардан өткөрмө кагаздын, экспресс-тесттин же ПЦР-анализинин жыйынтыгы тууралуу маалым кат талап кылынышы мүмкүн эле.

"COVID-19га чалдыкпагандыгы тууралуу маалым катты алгоритмде көрсөтүлгөн айрым учурдардан башка убакта шаар, район жана эл жашаган башка аймакка кирип бара жатканда талап кылуу туура эмес”, — деп айтылат штабдын билдирүүдө.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган болчу. Кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 895ке жетип, 637си айыкты. Өкүнүчтүүсү, 12 адам каза болду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

sputnik