Зарыл иши бар адамдарга Бишкек шаарына жеке транспорту менен кирип-чыгууга уруксат берилиши керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Ага "борбор калаанын сыртында жашаган жарандарга өзүнүн менчик автоунаасы менен шаарга кирүүгө болобу?" деген суроо берилди.
"Коомдук транспорт иштебей жаткандыктан, мындан ары жеке автоунаа менен шаарга келип-кетүүгө мүмкүндүк берсек болот. Бирок өкмөт уруксат берген тармактарда эмгектенип жаткан же өтө зарыл иши бар жарандарга гана. Жай турмуш учурундагыдай жөн эле шаарга барып келейин деп ары-бери каттай берүүгө болбойт. Милиция бул жагын көзөмөлдөп, чара колдонот", — деди Боронов.
Ошондой эле ал Бишкек шаарында гана эмес, башка аймактарда дагы уруксат берилген тармактарда иштегендерден башка жарандарды азырынча үйдөн чыкпай отурушу керектигин эскертти.
Белгилей кетсек, акыркы суткада дагы 71 адамдан коронавирус табылды. Алардын ичинен 16сы өлкө аймагында жүрүп жуктургандар болсо, 55и Соль-Илецкиден келгендер. 10-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун учуру 1002ге жетти. Ооруканадан сакайып чыккандардын саны – 675, каза болгондор — 12.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.