Туздан толугу менен баш тартуунун зыянын диетолог айтып берди

25 мая 2020 Туздан толугу менен баш тартуунун зыянын диетолог айтып берди

Дүйнөдө тузсуз тамактануу диетасы популярдуу болуп, өзгөчө ашыкча салмак таштагысы келгендер аны кармап жүрөт. Бирок туздун жетишсиздиги да ден соолукка олуттуу зыян алып келерин россиялык врач-диетолог Елена Соломатина Sputnik радиосунун эфиринен айтып берди.

"Эгерде туз таптакыр жок же жетишсиз болсо, нерв булчуңдары жакшы иштей албайт жана ашказан суюктугу бөлүнүп чыкпайт. Мунун баары ойдогудай иштеши үчүн күнүнө адам 3-5 грамм туз жеши керек", — деди Соломатина.

Адистин айтымында, туз өзгөчө көп тердеген, мисалы, спорт менен алектенген же ысык жерде жашаган адамдарга керек. Мындан тышкары, организм талап кылган маалда бир аз туздуу тамак жеп коюу сунушталат.

"Кээде алың кетип, чарчап же кан басымы түшүп турган учурда бир кесим туздуу балык же туздалган бадыраң жегиң келет эмеспи. Ошол маалда жей койсоң, бул тамактар кадимкидей маанайды көтөрөт. Мунун зыяны жок", — деди диетолог.

Андыктан Соломатина тузду организмге керектүү көлөмдөн ашырып ийбей пайдалануу өтө зарыл экенин кошумчалады.

sputnik