Ушул жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа иштей баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирди.
Анын айтымында, 27-мартта өкмөт 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ал документ 12-июнда күчүнө кирмек.
"Биз ал датаны июнь айынын башына жылдырууга укугубуз жок. Ал токтом 1-июлдан баштап иштейт. Эсеп-фактурасы бир айга чыгат. Эгер айды экиге бөлсөк, энергетика тармагында көйгөйлөр пайда болот. Ошондуктан жаңы тариф 1-июлдан тарта киргизилет", — деди Айдарова.
Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):
Балдар үйлөрү үчүн — 1,58 сом (азыркысы 2,24 сом);
Электр кубаты менен жүргөн транспорт заряд алчу жайлар — 1,58 сом (эгер мындай жайлар ачылып калса, алар троллейбустук ишканалардын тарифи менен төлөөрү каралган);
Майнинг-фермалар үчүн — 2,91 сом (бул категорияга өзүнчө тариф каралган эмес).
Башка тарифтер мурдагы бойдон калат.