Эгер өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташып калса, бала бакчалар июнь айынан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачуу боюнча бир топ талаш-тартыш жаралган.
"Бала бакчаларды да 1-июнга калтырдык. Эгер абал турукташса, бакчалардын ишмердүүлүгүнө июнь айында уруксат беребиз. Азырынча алардын ишин токтотуп койдук", — деди ал.
Боронов жалпы билим берүү мекемелери азырынча иштебей турганын баса белгиледи.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.