Жалал-Абад: клубда кишини өлтүрө сабады деп шектелип, кикбоксчу изделип жатат

22 мая 2020 Жалал-Абад: клубда кишини өлтүрө сабады деп шектелип, кикбоксчу изделип жатат

Жалал-Абаддагы түнкү клубда кикбоксчу бир кишини өлтүрө сабап, качып кеткен. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Милициянын айтканына караганда, 8-марттан 9-мартка караган түнү саат 02:00дөр чамасында Сузак районунун 1991-жылы туулган И.С. аттуу тургуну түнкү клубдардын биринин жанында сабалган. Ал Mercedes Benz унаасын айдаган 20-25 жаштагы белгисиз адам тарабынан токмоктолгону айтылат.

И.С. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Факт боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон.

10-мартта сабалган киши эсине келе албай көз жумган. Жабырлануучунун өлүмүнө байланыштуу иштин материалдары 138-берене ("Денеге оор залал келтирүү") боюнча кайра квалификацияланган.

"Каза болгон киши достору менен Ленин көчөсүндөгү түнкү клубга баргандыгы белгилүү болду. Туугандарынын айтымында, ал эс алуучу жайга барган бир киши менен мушташып кеткен. Шектүү аны башка урганда жыгылып түшкөн. Анын баш сөөктөрү сынып, кан тамырлары жарылып, уюп калган. 29 жаштагы кишинин артында эки баласы калды", — деп билдирди маалымат катчы.

ОИИББ кылмышка Жалал-Абад шаарынын 22 жаштагы тургуну Шухратбек Абдураимовдун шектелип жатканын билдирди. Ал кикбоксинг менен алектенип, аралаш мушташ (M-1) спортунун таймаштарына катышып келерин кошумчалашты.

Милициянын айтымында, шектүү тергөөдөн жашырынып жүрөт. Сот Абдураимовду кармап, камакка алуу өтүнүчүн канааттандырган.

Укук коргоо органдары шектүүнүн кайда жүргөнүн билгендерди төмөнкү номерлер аркылуу билдирип коюуну өтүндү: (03722) 102; (0555) 10-23-05, (0777) 59-59-59.

sputnik