26 мая 2020
Кыргызстанда өткөн суткада 35 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 1468 болду.
Кыргызстандагы COVID-19
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.