Мурдагы спикер Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза болду

24 мая 2020 Мурдагы спикер Мукар Чолпонбаев коронавирустан каза болду

Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

"Буга чейин  Чолпонбаевдин ооруга чалдыгып, бирок абалы жакшы болуп калганы маалымдалган эле. Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулары өрчүп кеткен. Ал ошондой эле бөйрөк, жүрөк-кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу", — деп айтылат маалыматта.

Кечээ анын кызы Нуриля Чолпонбаева ата-энеси коронавирустан айыкканын билдирген болчу.

Бирок бүгүн 12:10до жандандыруу бөлүмүндө каза тапты.

Республикалык штаб анын жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

Кыргызстандагы COVID-19

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1403 болуп, 980 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 эми он беш кишинин өмүрүн алды.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.  

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

sputnik